“Менин карындашым зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлсө да, тиешелүү органдар кылмыш ишин козгобой жатышат” дейт маркумдун агасы. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда маркумдун бир тууган агасы Олег Северин маалымат жыйыны учурунда билдирди.

“Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрынан 18-октябрына караган түнү 41 жаштагы О.Татьяна белгисиз бирөөлөр тарабынан зордукталып, анан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан бул ишке катыштыгы бар делинип эки жаран кармалган. Бирок алар эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыгарылган. Факт боюнча да кылмыш иши козголгон эмес. Кылмышка шектүүлөр көрсөтмөлөрүндө “Ошол күнү суу жээгинде сейилдеп жүргөнбүз. Кокусунан Татьяна көпүрөдөн кулап кетти” дешкен. Чынында андай эмес. Экспертиза карындашымдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн аныктады. Анын өлүмү буйрутма болушу мүмкүн. Учурда иш башка ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилиптир. Менин оюмча, бул жакта кандайдыр бир жашыруун нерселер бар”,- деди Олег Северин.

2Булак: super.kg