Парламентте Равшан Жээнбеков менен Темир Сариевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты
Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев менендепутат Равшан Жээнбековдун ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Пикир келишпестик министрдин быйыл өлкөгө канча завод курулганын билбей калышынан улам келип чыкты. Кайым айтышуу төмөнкү сөздөр менен коштолду:
Депутат: – Быйыл келген инвестицияларга заводдор курулганын айттыңыз, кайсы жерлерге курулду? Атап бериңизчи?
Министр: – Курулуп эле жатат, азыр алардын баарын айтып бере албайм.
Депутат: – Курулгандарынын айрымдарын болсо да айтсаңыз?
Министр: – Мен азыр айта албайм, сизге керек болсо жазуу жүзүндө берейин.
Депутат: – Инвестицияларды түздөн-түз көзөмөлдөгөн министр катары ушуну билбейсизби?
Министр: – Бул жерге отуруп алып “Ушуну да билбейсизби?” деп тыңсына бербегиле. Мунун баарын жаттап алмак белем? Же сиз министр болуп турганда жаттап алчу белеңиз?
Депутат: – Мен жаттап алчумун.
Министр: – Билем кайсы акчаны кайсы чөнтөккө салганыңызды…
Экөөнүн айтышын токтотууга эч ким аракет кылган жок. Мындан кийин суроо-жооп орун алып, аягында депутат: “Менин дарегиме абдан катуу сөз айттыңыз. Сизге сунуш: парламентке келерде маселеге даярданып келип жүрүңүз”,- деди.
Булак: super.kg
Комментарий кошуу