сарпашев1

8-январда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Макмалалтын” комбинатындагы жагдайга байланыштуу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде жаңы жыл алдында түзүлгөн атайын жумушчу топ Тогуз-Торо районуна барып, комбинаттын жамааты, жергиликтүү тургундар, райондун активи менен жолугуп, анда курамында 6 тоннага жакын алтын бар калдыктарды кайра иштетүүгө инвестиция тартуу маселеси көтөрүлгөндүгү айтылды. Мындан тышкары тогузторолуктар “Саймалуу-Таш” жаратылыш паркындагы “Кылдоо” жана “Миң-Теке” участокторун трансформациялап, комбинаттын карамагына өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Анткени, “Кылдоо” участкасында 6,5 тонна алтын, ал эми “Миң-Текеде” көмүр кени бар. Эки кен “Саймалуу-Таштан” 30-40 чакырым алыс тургандыктан, жаратылыш паркына зыян келбейт дешет тогузторолуктар.

Тайырбек Сарпашев: “Макмалалтын” комбинаты бүтүндөй Тогуз-Торо районун багып жатат, андыктан аталган участокторду тезинен трансформациялоо зарыл” деген пикирин билдирди.