жалалабад шаары

Жалал-Абад шаарындагы Спутник аймактык башкармалыгында өтүүчү аппараттык жыйынга Жалал-Абад областтык “Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу” тарабынан жиберилген “Ден соолукту чыңдоо” кабинетинин мед.кызматкери Бегайым Жолчубай кызы “Коомдук ден – соолук комитеттерин” түзүү боюнча маалымат сессиясын өттү. Анын белгилөөсүндө, мындай жолугушуулардын максаты калк менен бирге ден соолук маселелерине анализ жүргүзүү. “Спутник” аймактык башкармалыгынын кондоминиум жана кварталдык комитеттердин төрага, төрайымдары менен бирдикте жолугушууга келген мед.кызматкер Бегайым Жолчубай кызы “Шаар тургундарына дени сак болушу үчүн эмне керек?; кандай оорулар бул аймакта кеңири жайылган? “ ж.б. у.с. суроолорго жооп издеп, талдоо жүргүзүштү.

Областтык ҮДТнын “Ден соолукту чыңдоо” кабинетинин мед.кызматкери, Бегайым Жолчубай кызы: “Жалал-Абад шаарында жайгашкан беш аймактык башкармалыктарда да ушундай маалымат сессияларын өтөбүз. Биздин бул иш аракеттер Өкмөттүн өкүлчүлүгү жана шаар мэриясы тарабынан макулдашылып, графиктин негизинде иш жүргүзө баштадык”, – деп белгиледи.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад шаары