элвира1

Билим берүү жана илим  министрлигинин  билдирүүсү боюнча  Сауд  өнүгүү фондусунун жардамы менен республикабызда 16 мектеп курулат.

Бул туурасында министр Эльвира Сариева фонддун миссиясы менен  алдыдагы пландарды талкуулоо учурунда белгилүү болду.  Жолугушууда араб координациялык тобу менен күзүндө  билим берүү чөйрөсүндө жетишилген макулдашуулар кеңири  талкууланган. Жаңы мектептерди курууда  айылдардагы эскилиги жеткен мектептердин ордуна  жаңыларын курууга артыкчылык берилет. Анын ичинен бир мектеп Бишкекте курулмакчы.

Бегим ТУРДАЛИЕВА