“Коопсуз шаар” долбоору: айыптан эч ким качып кутулбайт
Аталган долбоор боюнча жарыяланган тендерде кыргыз-россиялык «Стилсофт Бишкек» компаниясы жеңүүчү болуп табылды. Эске сала кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерге катышкан 8 компаниянын ичинен 5өөсү биринчи этаптан өткөн. Эми ал 5 компаниянын ичинен аталган компания долбоорду ишке ашыруу укугуна ээ болду.
Компания эки жыл аралыгында Бишкек, Ош, Каракол жана Бишкек-Каракол трассасын автоматташтырылган сүрөт жана видео каттоо системасы менен жабдыйт,-деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. Мурдараак министрдин орун басары Курсан Асанов планга ылайык 2015-жылы долбоор Бишкекте ишке ашырала тургандыгын, андан кийин республиканын түштүгү менен Көл кылаасында иштер жүрөрүн билдирген.
Эгерде долбоор ишке ашса унаа айдоочулардын бардыгы мыйзам алдында бирдей жоопкерчиликте болуп, эреже бузулган учурда тиешелүү айыбын тартуудан башка жол жок калат. Себеби, жол жүрүү эрежесин бузуу фактысы атайын техникада катталып, салынган айып протоколу эреже бузган айдоочуга “Кыргызпочтасы” аркылуу жеткирилет. Андыктан айдоочулар эмитен эреже бузбай жол жүрүүгө үйрөнө баштоосу кажет.
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Комментарий кошуу