Уфа шаарында премьер-министр Жоомарт Оторбаев Башкортостан Республикасынын президенти Рустэм Хамитов менен жолугушту, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жолугушуу кечээ, 3-декабрда болуп, анда Ж.Оторбаев, көп тармактуу кыргыз-россиялык соода-экономикалык кызматташуусу, белгилүү деңгээлде аймактык байланыштар менен аныкталарын белгиледи.

«Эки тараптуу соода жүгүртүүнүн 80% дейре эки өлкө аймак шериктеринин операцияларына туура келет. Кыргызстан жана Башкортостан ортосунда айыл чарба, өнөр-жай, туризм жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча чоң мүмкүндүктөр бар. Эки аймак аралык соода жүгүртүү көрсөткүчү алга өсүү динамикасына ээ болууда», – деген өкмөт башчы, 2013-жыл жыйынтыгы боюнча Башкортостан жана Кыргызстан ортосундагы товар жүгүртүү 224 млн 182,1 миң АКШ долларын түзгөнүн билдирди.

Ошондой эле, Ж.Оторбаев Кыргыз Республикасы жана Башкортостан Республикасы аралык кызматташууну активдештирүү боюнча Иш-аракеттердин конкреттүү планын түзүүнү сунуштады.

SAG_1824

SAG_2181

SAG_2189

SAG_2197

SAG_2202

SAG_2243

Башкортостанга болгон иш сапарынын алкагында Ж.Оторбаев жергиликтүү ишкер чөйрө өкүлдөрү, республиканын алдыңкы ЖОЖ ректорлору менен жолугушуп, «Алексеевский» совхозуна барып, анда айыл чарбасын иштетүүнүн алдыңкы технологиялары менен таанышты.

SAG_2313

SAG_2317

SAG_2326

SAG_2357

SAG_2359

SAG_2382

SAG_2397

SAG_2418

SAG_2450

SAG_2455

SAG_2457

SAG_2461

SAG_2498

SAG_2526 Фото: КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы