көл1

Ысык-Көл облусттук ММКФ аймактык башкармалыгынын ишеним телефонуна  2014-жылдын 12 айында 255 кайрылуу болгон. Бул тууралуу облусттук ММКФ аймактык башкармалыгы  маалымдаган деп билдирет аймактык кабарчы Замир Асаналиев.

Маалыматта, Ысык-Көл облусттук милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун ишеним телефонуна өткөн жыл ичинде  аймактын калкынан 255 кайрылуу болгон.

Анын ичинен 155  ооз эки кайрылуу,  90 башкармалыктын өзүнө келип кайрылуу, 10 кат түрүндө кайрылуу болгон. Бул 155 кайрылуунун ичинен доо арыз менен 26 кайрылуу катталган.

Жарандардын ММКФ аймактык башкармалыгына кайрылууларынын  маани маӊызы ар кандай.  Мисалы, кеӊеш сурап кайрылуулар, ММК полистери менен камсыздоо, алардын иштөө мөөнөтү туурасында, бейтапканага жаткыруу боюнча жардам сурап кайрылуу, дары менен камсыз кылуу, дарыгер адисттердин кабыл алуусуна жардам кылуу иретинде, тейлөө сапаты, дарыгерлердин этикасы боюнча доо арыз менен кайрылуулар  болууда деп маалымдайт башкармалык.