Ырчы Султан Садыралиев: “Атпай кыргыз бийлесин, аруулантып дүйнөсүн”
Султан Садыралиев быйыл кыргыз бийин даңазалап, Кыргызстандын белгилүү жерлерин кыдырып, клипке түшүрдү. Жакында эле элге бир жылдык отчеттук концертин тартуулаган ырчыны кепке тарттык.
– Султан, концертиңизди жакшы дем менен өткөрүп алдыңызбы?
– Рахмат. 11-декабрь күнү 11-жеке концертимди бердим. Кудайга шүгүр, күйөрмандарым жык келип берди. Аларды абдан сагыныптырмын.
– “Кыргыз бийин” кандайча даңазалап калдың?
– Бул идеяны Рысбек Жабиров агай алып чыккан. Депутат Алтынбек Сулаймановдун да колдоосу чоң. Чыгарманы бир нече ырчылар ырдап, соңунда мага тапшырышты. Эки ай бою жети дубанды кыдырдык. Биринчиден, ырга клип тартылды, экинчиден, идеология, үчүнчүдөн, туризмге болгон салымыбыз болду. Клипти көргөн Казакстандагы, Россиядагы досторум “Кыргызстанга барганда ушул жерге, ушул көлгө алып барасың” деп жатышат. Үй-бүлөмдү эки айдай көрбөй, автобус менен кыдырып жүрдүк.
– Негизи эле быйылкы жыл кыргыз эстрадасындагыларга кайсы бир деңгээлде жаңылануу алып келгендей. Кубантканы, элдик ырларга басым жасалды…
– Жакшы жышаанга жалгыз мен эле эмес, жалпы өнөр баккан улуу адамдар да кошулат. Ал эми мен жаңыдан сахна дүйнөсүнө аралашкан 2005-жылы элдин талабы да ошол маалга ылайык эле. Эстрада ырларын көбүрөөк угушчу. Экинчиден, ал кезде мен жаш экенмин. Чынын айтыш керек, анча-мынча чет элдин ырларын да которуп ырдап калдык. Бирок, азыр барган сайын адамдарда патриоттук сезимдер ойгоно баштады. Аны менен катар маданият өкүлдөрү да улуттук идеология дегенди терең түшүнө баштадык. Бул албетте кубандырбай койбойт. Анткени, биз дүйнөдө болуп жаткан нерселерди кайталоо менен дүйнө элин таң калтыра албайбыз. Өзүбүздүн нукура аспаптар, элдик ырлар менен бийик деңгээлге алып чыгышыбыз мүмкүн. Билсеңиздер, мурун ырдоо да оңой эле. Мини-дискти көтөрүп алып, барып ырдап койчубуз. Азыр барган сайын күйөрмандар да жандуу үндү талап кылышат. Мисалга айтсам, мурун концерт коюу деген мен үчүн жеңил болчу. Бардык уюштуруу иштерин продюсерим жасачу. А мен концертке эки күн калганда даярданып, мини-дискимди көтөрүп барып ырдап койчумун. Ал эми, азыр концерт берүү башка болуп калбадыбы.
-Өнөр дүйнөсүндөгү мындан аркы пландарың кандай?
– Негизи эле адам баласы мезгил өткөн сайын өзгөрөт. Анын аң-сезими, кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, ага жараша мамилеси да. Мурда шашма болсом, чыдамым, сабырым болбосо, азыр бардык нерсеге олуттуу карайм. Узап бараткан жыл биз үчүн жемиштүү жылдардан, жаңырчу жыл да ошол ийгиликтерди улантсын, жаңыртсын деп тилейм.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу