раймалиева

Кадимки Бегимай сүйгөн Раймалынын небереси, фольклордук ырлардын чебери Каныкей Раймалиева – “Эркин Тоонун” бул жолку мейманы.

– Быйылкы жылды кандай узатып турасыз?

– Кудайга шүгүр кылуу керек. Быйылкы жыл мен үчүн ийгиликтүү, жемиштүү жылдардан болду. Өнөрүмдүн арты менен чет жана коңшу өлкөлөргө көп чыктым. Жакында эле “Доор” ансамбли менен биргеликте Малайзия мамлекетине ал жактын премьер-министринин чакыруусу менен барып келдик. Жеке мага ал өлкө маданияты менен жакшы сезимдерди калтырды. Атайын элдик, лирикалуу чыгарманы  даярдап баргам. Ырым менен ошол жердеги көрүүчүлөрдүн кол чабуусуна арзыдым.

Жай турмуштагы жаңылыктардан бөлүшсөм, мектепти аяктаганыма жыйырма жыл болуптур. Окуткан мугалимдерибиз, он бир жыл бирге окуган классташтар менен жолуктук. Жыйырма жыл ичинде адамдын сырткы келбетинде өзгөрүү болгону менен, көздөр ошол бойдон эле калаарына дагы бир ирет ынандым.

– Окуучулук күндөргө кайрылган турбайсызбы. Алиппе майрамында кайсы тамганын ээси болдуңуз эле?

– “Т” тамгасы болгом. “Тамгалардын бардыгы тизилишет катарга, тай сыяктуу тайраңдап…” деп башталган ырды айткам. Калганын унуттум. Мектеп боюнча биринчи класстан бирөө эле бар болчу. Класс жетекчибиз ыраматылык агай тартипти катуу кармачу. Сабакка кечигип келген тентек балдарды кыз-эркегине карабай уруп койчу. Анан “Алиппе” майрамга кечикпей барайын” деп таң атпай барып алганым эсимде.

– Ырчы Каныкей кичинекейинде кандай кыз эле?

– Үй-бүлөбүз менен музыкага жакынбыз, ата-энем, бир туугандарымдын баары жакшы ырдайт. Бул да болсо Раймалы чоң атабыздын канынан, таасиринен болсо керек. Кичинекей кезде үйдө бири чоң, бири кичине эки аккордеон, 3-4 комуз бар эле. Ошондо эле мен чоңун, сиңдим кичинесин көтөрүп алып, аккордеон тартып, комуз чертип көчөдөгү балдарга концерт койчубуз.

– Аткарган чыгармаларыңыз боюнча көбүнесе кимдер менен иштешесиз?

– Элдик ырларга басым жасайм. Элдик ырларды, замандын талабына ылайык эстраданы да алып жүрүүгө аракет кылып келем. Чыгармачылык дүйнөдө обончулардан Эсенбек Мааданбеков, Камчыбек Букалаев жана акын Темир Алымбеков менен иштешем. Кийинки жылы концерт берүүнү пландаштырып жатам.

– Эмнеден ырахат аласыз, таасирленгениңиз эмне?

– Кубансам да, күйүнсөм да бардык бугумду ырдан чыгарам. Ыр дүйнөсү мен  үчүн ажайып бир аалам.

– Өзүңүзгө байкалган кандай жаман сапатыңыз бар?

– Көбүнчө “кечигүү” деген нерсе менен ооруп келем. Ушул сапатымды жоюу үчүн канча аракет кылсам да, жыйынтык чыкпай жүрөт.

– Турмушта өкүнгөн учурларыңыз болду беле?

– Адам жакшы нерсеге жетүү үчүн жаңылыштыкты жон териси менен сезүү керек деп ойлойм. Эч нерсеге деле өкүнбөйм, артка кылчайып карагым келбейт. Кудай ден соолук берсе, бар нерсени барктап, жашоомду ыңгайлуу түзүп алып жашаганга аракет кылам. Тиричилик, үй-бүлөм, ата-энем үчүн көп чуркайм. Өзүмө талапты жогору коем.

– Ушакка терикпейсизби?

– Артыман жалган айтылганга неге теригем?! Мындай сөздөрдүн куржуну, турмушума таасирин тийгизбейт.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА