Топоз эти Бажы биримдигин мээледи
Бишкектеги “Парк Отел” мейманканасында топоз этин даңазалоо, өнүктүрүү жана анын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү максатындагы иш-чара болуп өттү. Ал Нарын облусунун Ат-Башы районундагы “Сактан” айыл чарба кооперативи тарабынан уюштурулган. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин колдоосу менен Бажы биримдигине кирүүнүн астында топоз этин элге кеңири жайылтып, экспортко чыгаруу иштери негизги маселелердин бири болуп саналат.”Сактан” менчик ээлеринен турган чакан кооператив болгондуктан, келечекте республикадагы топоз багуучулар менен биргелешип иш алып барууну көздөшөт. Бүгүнкү күндө алардын карамагында 800дөн ашуун топоз бар.
Иш-чарага айыл чарба жана мелиорация министри Т.Айдаралиев, чет элдик компаниялардын өкүлдөрү, эксперттер, жеке ишкерлер жана аталган министрликтин кызматкерлери катышты. Аягында катышуучулар топоз этинен жасалган түрдүү тамактардан ооз тийишти.
“Топоз абасы таза, бийик тоолуу райондордо өскөндүктөн, анын эти адамдын ден соолугуна абдан пайдалуу. Башка ири мүйүздүү малдардын этине караганда топоздун эти организмде тез сиңип, жеңил аш болот. Алар көбүнчөсү тоодон дары чөптөр менен тамактанат,”– деп белгиледи “Сактан” айыл чарба кооперативинин директору Бакыт Карыбеков.
Бактыгүл КУЛАТАЕВА


Комментарий кошуу