Т.Балтабаев: «Ата Мекен» фракциясы башпрокурор Аида Салянованын отставкага кетүүүсүнө каршы добуш берүүнү чечти
«Ата Мекен» фракциясы башпрокурор Аида Салянованын отставкага кетүүсүнө каршы добуш берүүнү чечти, деп билдирди «Ата Мекендин» депутаты Ташполот Балтабаев. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-январда парламенттин башпрокурор Аида Салянованын кызматынан кетүүсүнө макулдук берүү боюнча отурумунда билдирди. «Биз бул маселени фракцияда карап чыктык жана анын кетишине каршы добуш берүүнү чечтик», – деди ал. Аны менен катар, башпрокурор парламенттин отурумуна келип, кызматынан кетүү себебин түшүндүрүшү керек болчу, деп эсептейт. «Жок дегенде парламентке болгон сый үчүн деле отурумга келип, акыркы сөзүн айтышы керек болчу. Ал туура эмес кетүүдө. Эмне үчүн коррупцияга каршы күрөшүүдө биз ушунча мактаган адам качып бараткансып кетүүдө? Биз анын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча отчетун угушубуз керек болчу», – деди Т.Балтабаев. Жогорку Кеңеш жыйынтыгында А.Салянованын отставкага кетүүсүн колдоп добуш берди.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу