Cабиров1

Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын лидери Максат Сабировдун демилгеси менен 2014-жылдын 6-ноябрында Чүй областынын Беловодск айылында кыргыз гандболунун фестивалы өткөрүлдү деп билдирет “Республика” фракциясынын катчылыгы.

Аталган иш-чарага Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунан, Бишкек шаарынан жана Чүй областынын Москва районунан 100гө жакын оюнчулары катышышып, оюндун баш байгесин Ысык-Көл облусунун командасы жеңип алды.

Оюндун жеңүүчүлөрүнө Гандбол федерация тарабынан дипломдор жана байгелүү белектер ыйгарылып, ошондой эле оюнчуларга гандбол оюнун үйрөтүү жана гандбол боюнча методикалык окуу куралдары тапшырылды.

Аталаган фестиваль Гандбол федерациясынын ңишин жандандырган кийинки биринчи салтанаттуу окуя болду. Акыркы жолу республикалык деңгээлдеги Гандбол боюнча турнир 1998-жылы өткөрүлгөн.