Кыргызстанда алгачкы жолу боорду алмаштыруу операциясы жүргүзүлдү
Бишкекте президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгынын Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинде 29-октябрда Кыргызстанда алгачкы жолу боорду алмаштыруу операциясы – боордун ортотопикалык трансплантациясы жүргүзүлдү.
6-ноябрда АКИpress агенттигине Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинин директорунун орун басары Гүлмира Баитова билдиргендей, операция боордун акыркы стадиясындагы В+Д цирроз диагнозу коюлган бейтапка – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Первомай айылынын жашоочусу 1990-жылы туулган Ыманбек Асатила уулуна жасалды.
Донор бейтаптын өзүнүн 26 жаштагы бир тууган эжеси болду, учурда эжесинин абалы туруктуу деп бааланууда.
Боордун цирроз диагнозу 2006-жылы аныкталган. Республиканын, ошондой эле, Москва шаарынын (Орусия) жана Измир шаарынын (Түркия) ооруканаларынан бир нече жолу консилиумдар өткөрүлүп, бейтапка боорду алмаштыруу сунуштары айтылган, бирок материалдык тартыштыктан улам операция чет жактан жасалган эмес.
19 саатка созулган операция медицна илимдеринин доктору, профессор Марат Сагымбаевдин жетекчилиги астында Дарылоо-денсоолукту чыңдоо бирикмесинин хирургдар бригадасы тарабынан жасалды.
«Бүгүн операциядан кийинки 8-күн. Бейтаптын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу, динамикадагы лабораториялык көрсөткүчтөр жакшырууда, тамакты өз алдынча ичип калды», – деп билдирди Г.Баитова.

Булак : Баракелде

Leave a Reply