Парламент коомдук жайлардагы видео байкоо үчүн камераларды орнотуу милдети жөнүндө долбоорду 2-окууда жактырды

Парламент бүгүн, 20-ноябрдагы отурумунда коомдук жайлардагы видео байкоо үчүн камераларды орнотуу милдети жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окууда колдоду.
Долбоордо сырткы көзөмөлдөө камераларын аянтка, базарлардын аймагына, соода борборлоруна, дүкөндөрдүн имараттарына жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий мекемелердин имараттарына жана өнөр жай, айыл чарбасы же башка өндүрүш менен алектенген ишканаларга, турак жай, коомдук, административдик, көп тармактуу өндүрүштүк эмес имараттарга, унаа жайлар токтотулуучу жайларга жана кооперативдүү гараждарга орнотуу сунушталат.
Долбоор «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, депутаттар Асия Сасыкбаева, Наталья Никитенко, Жоомарт Сапарбаев жана Бактыбек Калмаматов тарабынан демилгеленүүдө.
Демилгечилер сырткы көзөмөлдөө камераларынын орнотулушу майда кылмыштардын санын 1,5-2 эсеге кыскартууга көмөктөшүп, оор кылымыштардын бетинин ачылышын көбөйтөт, деп эсептейт.
Талкуунун жыйынтыгы менен каттоодон өткөн 85 депутаттын ичинен аталган долбоор үчүн 83 эл өкүлү «макул» десе, 2 депутат «каршы» добуш берди.

Комментарий кошуу