Нарын шаарынын тарыхында биринчи бассейн салынат
Нарын шаарында шаардын тарыхында биринчи жолу бассейин салынмай болду. Анын пайдубалынын түптөлүшүнө КСДП фракциясынын лидери, депутат Ч.Турсунбеков жана депутат Д.Ниязалиева катышканы тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы билдирди..
Ал билдирүүдө «Бассейн салуу демилгесин биздин ишкана көтөргөн, каржы министрлигинен акча бөлдүрүп берүүгө түздөн түз Ч.Турсунбековдун салымы зор»- дейт Нарын жылуулук берүү ишканасынын директору Улан Айтиев. Бассейн узундугу 25 м, туурасы 6 м, 4 тилкеден туруп, тереңдиги 2 м чукул болот. Жалпы баасы 13 млн. 850 миң сом турган заманбап талапка ылайык бассейнди «Арт мега строй» ишканасы келерки жылдын 1-июнунда толук бүтүрүп бере тургандыгын убада кылды.
Андан соң эл өкүлү Нарын жылуулук берүү ишканасында болуп, кышка даярдыгы менен таанышкан. Көмүр менен жылыган от казандары фильтр жок болуп, экология бузулуп жатат деген кинелер айтылгандыктан, атайын Россиядан баасы 2 млн 300 миң турган жаңы от казанын фильтри менен сатылып алынып жаңы орнотулду.
Андан сырткары, аталган ишканага бир даана оор жүк ташуучу автоунаа сатылып алынып, көмүрдүн тоннасын 1600 сомдон ташылып, үнөмдүү жылытуу саясатын колго алдык деген У.Айтиев жаңы от казанга жана автоунаа сатып алууга Ч.Турсунбековдун көмөктөшкөндүгүн белгилеп өттү. Ошондой эле “Шайлоочулары менен жолугушууга барган Ч.Турсунбековго аткарылган иштин жыйынтыгы менен тааныштырууну эп көрдүк”,- дейт Улан Айтиев.


Комментарий кошуу