Мамматрезерв маалымдайт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде жыл ичинде Азербайжандан 9088 тонна кумшекер сатып алынган. Тамак-аш азыктарына болгон бааны турукташтыруу максатында сатуу 3970,7 тоннасы өздүк наркында сатылган.
2014-жылдын январынан баштап Өзбекстан Республикасынан 56763 тонна минералдык жер-семирткич алынган. Минералдык жерсемирткичтер жазгы талаа жумуштарын уюштурууга фонддун материалдык техникалык ресурстарын камсыз кылууга натыйжалуу мүмкүнчүлүк түзгөн. Өткөн 2013-жылы Баткен районунун Чарбак, Божой, Кара-Шоро айылдарынын жашоочуларына 15,950 тонна, Ош облусунун Барак айылына 27,0 тонна, Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш кыштагынын жашоочуларына 150,0 тонна, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Прохладное айылына 6,450 тонна ун берилген. Ошондой эле айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк буудай 1кг 15 сомдон 20000 (жыйырма миң) тонна сатып алуу тапшырылган, бирок 2317,2 тонна сатылып алынган.
2014-жылдын 24-ноябрына карата
Аталышы Квота боюнча сатып алуунун көлөмү 1 кг баасы 15 сомдон сатып алынды
Чүй облусу 10 000 1082,2
Ош облусу 1 200 104,9
Баткен облусу 500 0,0
Жалал-Абад облусу 1 800 267,0
Нарын облусу 1 000 41
Ысык- Көл облусу 3 500
Талас облусу 2 000 849,1
Бардыгы 20 000 2344,2
Мээрим БАКТЫБЕКОВА

Комментарий кошуу