парламент1
Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралууда.

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, мурда республикалык бюджеттин өсүшү 6,2 пайыз өлчөмүндө белгиленсе, аргандай себептерден улам, ал 4,5 пайызды түзүүсү күтүлүүдө. Салыктык жана бажылык алымдардын кыскарышына жана бюджеттин чыгыша бөлүгүнүн көбөйүшүнө, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын теӊдештирилгенине байланыштуу бюджет жаатында бир катар айырмачылыктар болууда.

Каржы министри мурда бекитилген бюджетте каржы тартыштыгы 15 млрд 630 млн сом көлөмүндө белгиленсе, азыр тансыктык 12 млрд 676 млн сомго чейин азаюуда. Ал эми коммуналдык кызмат наркынын көтөрүлүшүнөн, электр энергиясынын тарифтик саясатынын кайра каралышынан, доллар кунунун өсүшүнөн улам, азык-түлүк баалары кымбаттап кеткендиктен, инфляция деӊгээли 8 пайыздан 10,6 пайызга чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Андан сырткары, бир катар мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде Милдеттүү медициналык камсыздантыруу фондунун бюджети 136 млн сомго кыскарып жатканы белгилүү болду. Баяндамачы социалдык тармактын, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагынын каражаты кыскарбай турганын, алдынала белгиленген 13 пайыздан кем эмес катыш сактала турганын айтты.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА