Лидери Ч.Турсунбеков башында турган КСДП фракциясынын депутаттары Кара-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрү менен жолугушту
Лидери Чыныбай Турсунбеков башында турган КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары 6-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун акими баш болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Жусупали Исаев, Акылбек Султанов, Заирбек Жоошбеков жана Эркингүл Иманкожоева катышты.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү Кара-Суу районунун бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн тизмектешти. Маселен, жер тилкелерин жана үйдүн техникалык паспортун документтештирүүнү жөнөкөйлөштүрүү маселеси коюлду. Себеби, жергиликтүү калк КР Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен Мамлекеттик каттоо кызматына бирин-бири кайталоочу документтерди чогултушат. Ошону менен катар мамлекеттик ыйгарым укуктар бир убакта эле материалдык, каржылык жана башка каражаттары менен чогуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши зарылдыгы белгиленди.
Мындан сырткары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрүнүн пикиринде, тендер өткөрүүдө босого өлчөмүн мыйзам аркылуу белгиленген 500 миң сомдон 1,5 млн. сомго чейин жогорулатуу зарыл. Ошондой эле каналдардын курулушу жана ирригациялык системаларды жакшыртуу, социалдык обьектилерди каржылык жактан камсыздоо маселелери айтылды.
Жогорку Кеңеш депутаттары жолугушууда көтөрүлгөн көйгөлөрдүн чечилишине көмөк көрсөтүүгө убада берип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн алгылыктуу иштерди жасоого чакырышты.
Коюлган маселелер боюнча тармактарына жараша КР Каржы министрлигинин, КР Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен Мамлекеттик каттоо кызматынын, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жооп беришти деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.



Комментарий кошуу