опер1

Бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын көйгөйүнө байланыштуу түзүлгөн жумушчу комиссия 6-февралда жыйын өткөрүп, өз ишин баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Ыргал Кадыралиева, Игорь Гусаров, Роман Шин, Ширин Айтматова жана тиешелүү министрликтер менен ведомство, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жумушчу комиссиянын төрайымы Ы.Кадыралиева Социалдык саясат комитетине депутат Ширин Айтматова өзүнө келип түшкөн каттардын негизинде бөйрөк оорусу менен жабыркап, гемодиализ аппараттарына муктаж болгондордун көйгөйүн чечүүгө жардам берүү максатында комитетте маселе кароо өтүнүчү менен кайрылгандыгын, анын жыйынтыгында комитетин алдында жумушчу комиссия түзүү чечими кабыл алынгандыгын маалымдады.

Ошону менен катар Ы.Кадыралиева комиссия ишинин натыйжалуу болушу үчүн алгач комиссия курамына кырдаалды түшүнө билген тиешелүү адистерди камтуу жана комиссиянын иштөө тартибин аныктап алуу зарылдыгын белгиледи.

Комиссия курамына кирген эл өкүлдөрү түзүлгөн комиссиянын ишинин алкагында бөйрөк алмаштыруу, бул жааттагы бейтаптарга дары-дармектердин жетишсиздиги же кымбаттыгы, гемодиализ аппаратынын жетишсиздиги, мамлекет тарабынан каржылоо сындуу маселелер түрмөгүн иликтөөгө алуу зарылдыгын билдиришти. Ал эми отурумга чакырылган тиешелүү мекеме өкүлдөрү комиссия курамына Коррупцияга каршы кызматтан, Ички иштер министрлигинен, Саламаттыкты сактоо министрлигинен, Каржы министрлигинен, Монополияга каршы комитеттен өкүлдөр кириши керектиги боюнча пикирлерин ортого салышты. Мындан сырткары, комиссия курамына бөйрөк алмаштыруу боюнча көз карандысыз адистердин жана нефролог-адистердин кириши максатка ылайыктуулугу айтылды.

Жыйынтыгында комиссия аптасында бир же зарылдык болсо эки ирет жолугуп, иштөө жагы макулдашылып, келерки жыйында комиссиянын конкретүү мүчөлөрү менен иш алып бармай болушту.