Гүлмира Кашкарова, Баткен облустук прокурорунун орун басары: «Баткен шаарынын аймагында муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө олуттуу кемчиликтерге жол берилген»
Баткен шаарынын аймагындагы муниципалдык жерлерди ижарага берүүдө олуттуу кемчиликтерге жол коюлган. Жарандар менен ижаралык келишимдерди түзүүдө да мыйзамдар бузулган. Натыйжада ижара акылары бюджетке түшпөй жеке кызыкчылыктарга пайдаланылган учурлар катталган. Бул өз кезегинде КРнын Президентинин коррупцияга каршы күрөшүү саясатына төп келбейт. Мына ошондуктан Баткен облустук коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Координациялык Кеңештин кезектеги отуруму облустун прокурору Л.П Жумабаевдин жетекчилигинде өтүп, ага облустун укук коргоо органдарынын жетекчилери катышышты.
Шаардын чок ортосундагы муниципалдык жерлерди убактылуу ижарага алып, иштетүүгө көптөр кызыкдар. Мындан 10,15 жыл мурда эле көзгө комсоо көрүнүп, келечеги жок деген алакандай жерлерге кызыккандар Баткен шаарында көп. Бир эле Баткен шаары эмес, башка шаарлардан да мындай ишкердик жүргүзүп, соода түйүндөрүн ачуучу жерлер ар кимдин эле шыбагасына туш келе бербейт. Тилекке каршы туш келгендер болсо, тааныш билиштикке салып эптеп ижара акысын төлүөбөөнүн аракетин көрүшкөн фактылар да кездешет. Сөз Баткен шаарындагы муниципалдык жерлерди ижарага берүү жөнүндө болчу болсо, мындагы башаламандыктардан улам курулган күркөлөрдүн, төлөнгөн ижара акылардын же пайдаланган жерлердин так эсебин чыгарып, мыйзам бузгандарга карата чара көрүүгө облустук прокуратура киришмей болду.
Учурда облустук прокуратуранын өкүлдөрүнүн, укук коргоо жана көзөмөлдүү органдарынан турган жоон топ комиссия иликтөө иштерин жүрүгүзүүдө. Чу деген жерден эле мыйзам бузган одоно фактылар аныкталууда. Арасында түзүлгөн келишимдер менен түшкөн акча каражаттары төп келбеген жагдайлары да бар.
Атайын комиссия тарабынан каралып жаткан текшерүү ишине шаар тургундары жана ижарачылар маселеге олуттуу мамиле жасап, шаардын бюджетин өстүрүүгө жана коррупциялык укук бузууларды аныктоого көмөк көрсөтүү жагын суранар элек. Коомдогу негизги кемчиликтер коррупцияга каршы күрөшүүгө жалпыбыз бирдей көтөрүлбөгөндүктө… Бүгүн тааныш-билиш, тууган-урук деген кыргыз элибизге мүнөздүү ар кандай «чылыктардын» былыктары чыгууда. Президенттин коррупцияга каршы саясатынын негизинде мындан ары жем корлукка каршы катуу күрөш жүрөт.
Урматтуу шаардыктар муниципиалдык менчиктерге байланышкан коррупциялык иштер болсо, биз менен байланышсаңыздар болот. Дарегибиз: Баткен шаары, облустук прокуратура. Тел.: (03622) 5-00-22,
Муниципалдык жерлерди ижарага берүү жана аны пайдалануу, келишим түзүүдөгү айрым мыйзам бузулган фактылар боюнча облустун прокурору Л.П. Жумабаев Координациялык Кеңешмеде укук коргоо органдарына жана тийиштүү жетекчилерге катуу эскертти. Коомчулуктагы мындай терс көрүнүштөрдү мыйзамдаштыруу жана аларга мыйзам чегинде чара көрүү иштери дайым көзөмөлдө. Биз бул багытта түзүлгөн комиссиянын чыгарган жыйынтыгы менен дагы гезит аркылуу сиздерди кабардар кылабыз. Биз баарыбыз коррупцияга каршы күрөштү күчөтөбүз. Соңунда Баткен шаарында муниципалдык жерлерге тиешеси бар жем корлуктар жөнүндө маалыматыңыз болсо бизге телефон чалыңыз.
Бизден телефон номерибиз: (03622) 5-00-2 Баткен облустук прокуратурасы
Адылбек АКМАТОВ, Баткен

Комментарий кошуу