Япон элчиси Баткенде
Япон мамлекетинин КРындагы элчиси Такаюки Коикэ, ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлү Юки Мокуо жана КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жениш Разаков Баткен облусундагы мектептер жана бала бакчалар менен таанышты.
Япон Өкмөтүнүн гранттык жардамы менен Баткен облусунда бир канча мектептерде жана бала бакчаларда капиталдык ремонт өткөрүлүп, жаңы ажааткана жана атайын кол жуучу жай курулган. Ошондой эле проектин алкагында 16 мектеп жана 4 бала бакчасы эмеректер менен камсыз болгон.
Мындан сырткары, мектеп окуучуларына толеранттуулук жана тынчтык боюнча жайкы жана күзгү лагерлер уюштурулган. Долбоордун алкагында мугалимдерге жана бала бакча тарбиячыларына атайын тренингдер өткөрүлгөн.
Ошондой эле, долбоорго кирген бардык обьекттерде Бүткүл дүйнөлүк таза суу жана Бүткүл дүйнөлүк таза кол күндөрүнө карата ар кандай иш чаралар өткөрүлгөн. Бул иш чараларда балдар таза сууну үнөмдүү пайдалануу жана колдун гигиенасы тууралуу жакшы маалыматтарды алышты.
Бүгүнкү күндө Баткен облусундагы “Айжан” Коомдук фонду тарабынан Баткен жана Кадамжай райондорунда 18 мектепте жана 30 бала бакчасында мектепке чейинки даярдык класстары ачылган. Баткен районунда 18 балдар бакчасында ЮНИСЕФ жана ЮСАИД каржылык колдоосу менен жылытуу системалары орнотулган. Ошондой эле Баткен районунун 4 бала бакчасында жана Сүлүктү шаарынын 1 бала бакчасында спорт аянтчасы курулган.
Ж.Разаков өз сөзүндө эрте курактагы балдарга кам көрүү балдардын укуктарын туруктуу ишке ашырууга жана социалдык өзгөрүүлөргө жакшы өбөлгө болот. Эл аралык донорлор тарабынан ишке ашып жаткан долбоорло жана программалар бул балдардын кең келечегине арналган чоң салым деп белгиледи. Ошондой эле, Япон мамлекетинин Өкмөтүнө, Япон мамлекетинин Кыргызстандагы элчисине, ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлүнө терең ыраазычылын билдирди.
Адылбек АКМАТОВ, Баткен


Комментарий кошуу