Депутат Д.Жумабеков Таластын Кара-Буура районундагы шайлоочулардын социалдык көйгөйлөрү менен таанышып жүрөт
Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Талас облусунун Кара-Буура районунун бир катар айылдарын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушту. Алгач Бакайыр айылындагы республикалык бюджеттин түрткү берүүчү грантынын эсебинен курулган 100 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты. Эл өкүлү бала бакчалуу болгон айыл тургундарын куттуктап, бакчанын муктаждыктарынын чечилишине деп материалдык жардам көрсөттү.
Мындан сырткары, аталган райондун Кара-Буура айылындагы А.Умарбеков атындагы мектептен дагы кабар алды. Маалыматтарга ылайык, мектеп 1979-жылы курулган. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мектеп имаратына окуу процессин жүргүзүүгө тыюу салганына карабастан, башка мектеп имаратынын жоктугунан, бүгүнкү күндө 275 окуучу окуусун улантууда. Айыл тургундарынын, мектеп жамаатынын өтүнүчтөрү менен депутат Д.Жумабеков жаңы мектеп курууну 2015-жылдын республикалык бюджетинин капиталдык салымдар менен курулуучу обьекттердин тизмесине киргизүүгө аракеттенерин билдирди.
Шайлоочулар менен жолугушуу сапары андан ары уланып, эл өкүлү Кызыл-Адыр айылындагы райондук ооруканада болуп, оорукана жамааты менен жолукту. Мындагы көйгөй – оорукана имаратынын сыртына капиталдын ремонттун муктаждыгы.
Депутат Д.Жумабеков шайлоочулар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү Жогорку Кеңеш жыйынында тиешелүү министрликтердин алдына коюуга убада берди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Комментарий кошуу