счет

Мындай билдирүүнү алар 9-январда Жалал-Абад шаарында КСДП фракциясынын депутаттары Токтогул Туманов жана Нурбек Касымбеков менен жолугушуу учурунда билдиришти. Жолугушууга Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районун жашоочулары катышты. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар контролерлор электр кубатын пайдаланууда 700 кВт ашкан жагдайларга 2сом 5 тыйындан төлөө системасын туура эмес эсептеп жатышат деген дооматтарын коюшту. Эл өкүлдөрү маселени тыкыр иликтеп, толук маалымат алып бермей болушту.

Андан сырткары, шайлоо системасы, биометриялык маалыматтар сындуу маселелерлер менен катар социалдык көйгөйлөрдү көтөрүштү. «Сузак районуна караштуу Кыз-Көл айыл аймагында суу тоскуч курулса 1000 гектар жер аянтын суу басмак, ал үчүн 35 млн. сом керек. Жергиликтүү эл каражат маселесинин чечилишине көмөк көрсөтүү жагын суранышты. Биз Өкмөткө кайрылууну эп көрдүк»- дейт депутат Н. Касымбеков.