Бишкек шаардык мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкерлери шаардын аймагында мыйзамсыз курулган жана курулуп жаткан курулуштарды аныктоо иштерин улантууда.

Кезектеги рейддин жыйынтыгында белгилүү болгондой, Якутск көчөсүнүн №35 дарегиндеги үйдүн жашоочулары өз ыктыяры менен жер тилкесин кеңейтип алган, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Мыйзам бузуучу муниципалдык аймактын эсебинен жер тилкесин кеңейтип, 10х4 м өлчөмдөгү чарба курулушун жүргүзгөн. Аталган даректин ээсине эскертүү берилген, бирок ага карабастан курулуш иштери улантыла берген.

Бул иш боюнча Жеке турак-жай куруу департаменти административдик протокол түзүп, соттун кароосуна жиберген соң Биринчи май райондук соту мыйзам бузуучуга 10 миң сом өлчөмдөгү айып салды. Учурда жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.

01

02

03