Бишкекте мыйзамсыз курулуштун ээсине Биринчи май райондук соту айып салып, курулуп жаткан үй бузулду (фото)
Бишкек шаардык мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкерлери шаардын аймагында мыйзамсыз курулган жана курулуп жаткан курулуштарды аныктоо иштерин улантууда.
Кезектеги рейддин жыйынтыгында белгилүү болгондой, Якутск көчөсүнүн №35 дарегиндеги үйдүн жашоочулары өз ыктыяры менен жер тилкесин кеңейтип алган, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.
Мыйзам бузуучу муниципалдык аймактын эсебинен жер тилкесин кеңейтип, 10х4 м өлчөмдөгү чарба курулушун жүргүзгөн. Аталган даректин ээсине эскертүү берилген, бирок ага карабастан курулуш иштери улантыла берген.
Бул иш боюнча Жеке турак-жай куруу департаменти административдик протокол түзүп, соттун кароосуна жиберген соң Биринчи май райондук соту мыйзам бузуучуга 10 миң сом өлчөмдөгү айып салды. Учурда жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.
![]()
Булак : Баракелде

Комментарий кошуу