спортчулар1

Жогорку Кеӊештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков 12-декабрда жакында Кипрдин Лимассол шаарында өткөн Самбо күрөшү боюнча студенттер арасындагы дүйнө кубогуна катышуу менен, байгелүү орунду жеӊип келген Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү менен алардын машыктыруучуларын кабыл алып, кыргыз спортчуларын кезектеги ири ийгилиги менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу жүрүшүндө белгилүү болгондой, 6-8-декабрда өткөн Дүйнө кубогуна катышкан курама командалардын курамы 9 спортчудан түзүлө турганына карабастан, каржы тартыштыгынан улам, Кыргызстандын курама командасы 3 самбочу менен барган. Бирок, мелдеш жыйынтыгында үчөө теӊ медалга ээ болуп, 24 өлкөнүн ичинен Орусиядан кийинки экинчи орунду камсыз кылуу менен, көпчүлүк спорт ышкыбоздорун таӊгалдырды.

Машыктыруучу Антон Зверевдун айтымында, Дүйнө кубогунда Артур Те алтын медалга, ал эми Арсен Камчыбеков менен Асанбай Өтөгөнов коло медалга ээ болду. Үчөө теӊ Кыргыз мамлекеттик денетарбыя жана спорт академиясынын 4-курсунун студенттери болуп саналат. Ал шакирти Артур Те 2013-жылы Казанда өткөн Дүйнөлүк жайкы олимпиадада сынган колу менен кармашын улантып, коло медаль жеӊип алганын сыймыктануу менен эске салды.

Депутат А.Баатырбеков кыргыз спорту азыр азыноолак өнүгө баштаганын, бирок ага өз деӊгээлинде көӊүл бурулбай жатканын айтты. Ошону менен бирге, ал таланттуу жана келечектүү жаштарга колдоо көрсөтүү жаатында колдон келген аракетин жасай турганын билдирип, кыргыз жигиттери менен алардын устаттарына спорттогу жана жашоо-турмуштарындагы жаӊы ийгиликтерди каалады.