БНТ жолу-

  5-февраль күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 313-чакырыма КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, облустук бийликтин, ушул жолду кайрадан оңдоп жаткан кытайлык «Синогидро» компаниясынын жана атайын адистер чогулушуп, кырдаалга байкоо салышты.

-Бизди Унаа жана коммуникация министрлиги чакырганынан улам келдик. Азыр үстүнөн карап чыкканда болжолу 600 метр.куб өлчөмдөгү жардын кулап калуусу бар экен. Эми документтерди даярдап бүтүшсө, биз бир жумада өзүбүз бургулап анан жардыруу жумуштарын жасап бүтүрөбүз,-деп билдирди атайын бургулап жардыруучу «Кыргыз ресурс лимитед» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Салават Молдоканов ошол жерден. Ал эми «Азия Универсал курулуш» ЖЧКсынын альпинисти Чолпонбек Мадемилов жардын үстүндө узуну 15, туурасы 10 метрге чейинки аралыкта жаракалар бар экендигин, ошондуктан жакынкы күндөрдө сөссүз ал зоолорду жардырып түшүрүү керектигин кошумчалады.

-Бул жол эл аралык мааниде болгондон кийин жардырууга Өкмөт тарабынан уруксат берилиши зарыл. Ал эми биз болсо жардыруу мерчемделген күнү бардык тиешелүү кызмат адамдарын жана техникаларды камсыз кылабыз,-деген жүйөөсүн келтирди өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов.

1-февраль күнү саат 18 чамасында БНТнын ушул аралыгынан зоо көчүп кетип, натыйжада 1900 куб.метр өлчөмдөгү таш топурак эл аралык жолду бөгөп калган эле. Бул жер Нарын районунун Оттук айылына жакын жерде жайгашкан.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу