концерт1

Бишкекте өтүп жаткан Маданият кызматкерлеринин республикалык кеңешмесинде вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева “Профессионал эмес артисттер сапатсыз ырлары менен концерт коюшуп, материалдык даражасын көтөрүп жатышат”-деп бидирди. Учурда театрларда иштеген артисттердин маянасы 4 миң сомду түзөт. Атайын көргөзмөлөрдү уюштуруп, чыгармаларды тартуулап каражат маселесин чечүү керек. Профессионал эмес артисттер сапатсыз ырларды аткарып, коомчулуктун аң-сезимине доо келтиришүүдө. Кытайда ырчылардын аткарыла турган чыгармалары коопсуздук тармагынын уруксатын алгандан кийин коомчулукка жайылат. Бизде ошондой болуш керек. Мындай сунушту аксакалдар киргизишти. Мен колдойм,-дейт Дамира Ниязалиева.

Даярдаган Айнура Шайкеева