жаштар1

Кулунду айыл аймагынын Жаштар уюму иш пландарынын негизинде 3 күн бою  айыл аймагындагы 8 мектептин окуучулары менен жолугушуп, «Убакытты туура пайдалануу» деген темада лекцияларды өтүштү.  Жаштар уюмунун төрагасынын айтымында, бул жолугушуулар акыркысы эмес жана келерки айларда «Ден соолукка зыян келтирүүчү факторлор», бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоо боюнча Бишкек шаарынан лекторлорду чакырып,  алардын туура кесип тандоосуна көмөктөшө тургандыгын белгиледи.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу