Каба айыл1 26-февралда Өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева облустун район-шаарларынын жетекчилери менен онлайндык түз байланыш шартында райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери менен облустун аймагындагы автожолдордо күтүлүүчү кар, жер көчкүлөрдүн  алдын алуу, кесепеттерин жоюу райондук жана шаардык жарандык коргонуу кызматтардын даярдыгы боюнча жыйын өттү деп маалымдайт өкүлдүн басма сөз катчысы. Өкүлчүлүктүн кичи кеңешме залында өткөрүлгөн онлайн шартындагы түз байланышка ПЛУАД- 6,  облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын жетекчилери, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Мамажаткан Миянов катышты.

Алгач өкүл Ж. Эгембердиева алыскы Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун акимдери менен түз байланышып, табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча алардын  аткарып жаткан иштери боюнча маалыматтарын укту. Өкүл Жумагүл Эгембердиева райондордун акимдеринен жана шаарлардын мэрлеринен облустун аймагындагы автожолдордо күтүлүүчү кар, жер көчкүлөрдүн, сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү милдеттерин  койду.

-Айрыкча жер көчкү жана сел жүрүү коркунучу бар айыл-кыштактардагы элдерди коопсуз жайларга көчүрүп чыгаруу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүүбүз керек. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ар кандай күтүүсүз табигый кырсыктардын алдын алууга дайым даяр турушубуз зарыл,- деп белгиледи өкүл  Жумагүл Эгембердиева.

   Жолдошбек Осмонов, Жалал-Абад облусу