жээнбеков7-- Жээнбеков1-- жээнбеков2-- жээнбеков3-- жээнбеков4-- жээнбеков5-- жээнбеков6--

жээнбеков2--

жээнбеков3--жээнбеков5--

жээнбеков6--

жээнбеков7--

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен биргеликте 6-ноябрда Москвада Россия Федерациясынын Президенти, ЖККУнун Кеңешинин Төрагасы Владимир Путин менен жолугушту.

Төрага ошондой эле Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Кабибулла Жакупов жана РФнын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жогорку Кеңештин делегациясы Москвадагы мекендештери менен жолугуп, РФдагы Кыргызстандын Элчилигинде болду.

Төрага А.Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Туратбек Мадылбеков жана Дамира Ниязалиева болушту деп билдирди  Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы