023 021 022

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен биргеликте 6-ноябрда Москвада Россия Федерациясынын Президенти, ЖККУнун Кеңешинин Төрагасы Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин жыйынынын алкагында өттү.

Төрага А.Жээнбеков акыркы жылдары сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөн Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамлекеттер жана парламенттер аралык кызматташуунун активдүү өнүгүп жаткандыгын айтты. Ал суу-энергетика тармагындагы бирдиктүү стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгын талкуулап, коопсуздукка байланышкан актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алышышты. Ошондой эле ЖККУ ПАнын алкагында кызматташууну бекемдөө жаатында ой бөлүшүштү.