img756

Кыргыз Эл Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Мааракени утурлай, бул улуу инсан жөнүндө жакшы билген, кезинде 25 жыл бою бирге иштешкен Кеңеш Мырзабековду кепке тарттык.  

– Кеңеш Мырзабекович, сизди Турдакун Усубалиевичтин кадрларынын бири дешет. Анын тушунда көп кызматтарда иштептирсиз. Алгачкы жолу бул кишинин көзүнө качан түштүңүз? Ушундан кеп салып берсеңиз.

– Мен 1959-жылы жогорку окуу жайды бүтүп, Нарынга барып прораб болуп иштеп калдым. Мага чейин эле Нарынга эт комбинаты курула баштап, 5-6 прораб туура эмес иш алып баргандыктан соттолуп кетип, курулуш токтоп турган экен. Анан эт комбинаттын курулушун бүтүрүү мага милдеттендирилди. Токтоп турган комбинат курулушу эки жылда бүттү. Бул аралыкта келечек үчүн чоң мектептен өттүм. Комбинат бүтөөрү менен СМУга (курулуш боюнча) жетекчи кылып коюшту. Ошондо 24 гана жашта элем. Ал жерде 5 жыл иштедим.

28имде шаардык партия комитетине чакырып калышты. 1966-жыл эле, борборго келдим. Дароо эле Усубалиевге киргизишти. Ага чейин ал кишини 60-жылы пленумда алыстан көргөм. Кабинетине кирип жатып, бир башкача толкундануу сезимине чулганып турдум. Кирдим, колун сунуп учурашты, отургузду, ал-жайымды, үй-бүлөмдөн өйдө, баарын сурады. Акыл-насааттарын айтты, тапшырмаларды берди. Мени Нарын шаардык аткаруу комитетинин төрагалыгына сунушташкан эле, көрөйүн деди окшойт. Ал киши мага “Нарында кадрлар да аз, кыштак өңдүү аймак, ал жерге көп нерселерди жасаш керек”, – деди. Анан “Өкмөттүн башчысы, Министрлер советинин төрагасы Болот Мамбетов деген кишиге кир, эртең бюрого кел”,- деп мени узатып койду. Эртеси бюро болду. Биринчи эле менин маселем каралды. Чынын айтсам, ал жерде катышып отургандардын бирин тааныбайм. Бир күн мурун Усубалиевге, андан соң Мамбетовго кирип чыккам, ошол экөөнү эле тааныйм. Болот Мамбетович ордунан тура калып, “Мен бул жигитти колдойм, таланттуу, жөндөмдүү жигит экен. Эң негизгиси жаш. Бизге жаш кадрлар абдан керек”,-деди. Баары колдошту. Ошентип бюродон өттүм. Колумду кармашып, баары куттукташты.

Ошол 66-жылдан тарта Турдакун Усубалиевичтин жеке колдоосунда болуп, жакшы мамиледе болуп жүрдүк.

– Турдакун Усубалиевич Кыргызстандын, баш калаанын административдик борбор катары өнүгүшүнө зор салым кошкону баарыбызга белгилүү. Сиз Нарында көп жылдар иштедиңиз, бул кишинин аймактарга маани берүүсү кандай эле?

– Бир нерсени эстейм. Ошондо 71-жылдын соңу же 72-жылдын башы эле. Нарынга кар калың жааган. Усубалиев келет деп күтүп жатканбыз. Кар тазалоо иштери менен бир жумадан ашык алектендик. Ал киши келди. Чогуу жүрдүк. Ат-Башы ГЭСи курулуп жаткан, ал жакка, андан ары Куланак колхозуна бардык. Чогулуш кылдык. Эл суу жетпей, көп жерлер өздөштүрүлбөй, суу жетпегендигинен мал чарбасы да жакшырбай жатканын айтышты. Ошондо Усубалиев мага “Токтогул ГЭСинин гендиректору Серый Зосим Львович деген кишини тап, эртең менен Нарында болсун”,-деди. Таптым, чакырттым. Эртеси саат 9да мейманканага кирип келди. Усубалиев ал кишиге Ат-Башы районунда Куланак деген колхоз бар, 3-4 миң гектар жери суу жоктугунан өздөштүрүлбөй жатканын, ошол жерге насостук станция куруш керектигин түшүндүрүп, анан “Зосим Львович, сиздин кандай сунушуңуз бар”,-деп кайрылды. Эгерде, анын ордунда башка киши болсо, жетекчиликке салып, үнүн өктөм чыгарып, столду койгулап, тапшырма берет беле, ким билет?.. Ал киши менен жумшак, назик сүйлөшчү. Эл менен сүйлөшүүдөгү устаттыгы, акылмандыгы, чеберлиги, маданияттуулугу бийик турат. Бул окуяны айтканымдын себеби, Турдакун Усубалиевич ар дайым аймактарга жакшы көңүл бурчу. Дегеле, эл көйгөйүнө терең маани берчү. Дагы бир нерсесин айтпай кетүүгө болбойт. Бул киши республиканын кайсы тарабына, кайсы тармагына барбасын, эл менен жуурулушуп кетчү. Ат менен чабандарды кыдырып, же жөө эле сугат сугарып жүргөн, талаа-түздө эмгектенип жүргөн дыйкандарга жолугуп, сүйлөшүп калмайы бар эле. А малчыларга барганда короо-жайын көрүп, үйүнө баш багып, үй-шарттарына баам салып, бала-бакырасын сурап, колунан кармап, ал тургай даам сызып чыккан күндөрү да болду. Элге чыкканда 1-2 күндө кайтып кетчү эмес, жумалап жүргөн учурлары болду. Ошол жактагы ар кандай шарттарга карабай түнөп, жумуштарды кылдат бүтүрүп кайтчу.

– Жогорку кызматты аркалап жүргөндөгү бул кишинин мүнөзү, адамгерчилиги кандай эле?

– Мен, Турдакун Усубалиевичтин жетекчилиги алдында 25 жыл бою Нарында иштедим. Бул киши Нарынга келген сайын жанында болдум. Ушунча убакыт аралыгында иште кемчилик болбой койбойт. Бирок, бул киши бир да жолу ачууланып, кагып же сөгүш бергенин уккан да, көргөн да жокмун. Анын ордуна жатык сөз менен түшүндүрүп, кемчилигиңди кайра оңдогонго негиз түзүп берээр эле. Жанында жүрүп, бул кишинин аң-сезиминин ушунчалык тереңдигине, маданияттуулугуна, интеллектисинин жогорулугуна суктанган учурларыбыз дайыма болоор эле.

– Тилекке каршы, Турдакун Усубалиевичтин жасаган иштерин сындагандар деле болбой койгон эмес экен…

– Кыргызда көрө албастык деген оору бар. Жакшы иштеп жаткандарды, эл үчүн чын дили менен иштегендерди көрө албай, жаман көрсөтүү адат болуп калган, ал тургай каныбызда бар нерсе экен. Усубалиевдин тушунда канчалаган ири имараттар курулду. Мамлекетибиздин кооз борбору болгон Бишкек шаарын, ондогон шаарлардын, бардык аймакты байланыштырып турган жакшынакай авто жолдор, Кыргызстандын аба дарбазасы болгон Манас аэропорту ушул кишинин жетекчилиги алдында бүткөрүлгөнүн сыймыктануу менен айтышыбыз керек. Андан тышкары, азыркы Президент жана парламент отурган Ак үйдү, филармонияны, циркти, тарых музейин, “Учкун” концернин, Агропромдун имаратын, спорт сарайын, Опера-балет театры ж.б. өңдүү көзгө көрүнүктүү имараттардын баары ушул кишинин учурунда курулду. Кыргызстан компартиясынын XV-XVI съездинде раматылык Чыңгыз Айтматов бул киши тууралуу өз сөзүндө “республиканын прорабы” деген баасын берген. Чындыгында, эл чарбасынын бардык тармактарын Усубалиевдей эч ким билчү эмес.

– Баса, Турдакун Усубалиевдин Чыңгыз Айтматов, ошондой эле Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев менен мамилелери жакшы болгон эмес деген кептер да айтыла калып жүрөт?..

– Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматовдун жеке мамилеси тууралуу ошол кезде интеллигенция арасында катуу сөз жүргөн. Айтматов таластык топторго кирип кетиптир, экөө каршы экен деген сөздөр айтылып калчу. Чындыгында андай деле эмес эле. Усубалиев Айтматовго Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алып берди. Муну Чыңгыз Айтматов өзү деле айтканы бар экен. Ал эми Исхак Раззаковдун кызматтан кетишине Усубалиевдин тиешеси бар деп жүрүштү. Бирок, бул таптакыр андай эмес. Анткени, Усубалиевди Москвадан алып келишип, “Советтик Кыргызстандын” редактору, БКнын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы, партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы кылышып, андан кийин гана Раззаковдун ордуна алып барышкан. Муну учурунда Раззаков өзү деле айтып жүрдү. Ал кезде Москвада КПСС БК, саясий бюро дегендер бар эле. Алар Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетин, анын биринчи катчысын күнүгө күзгүдөн карагандай карап турушчу. Ошол убакта тигил жактын талабы Раззаковду кызматтан алуу экен. Эки күндүк пленум болуп, ал кишини алып, ордуна Усубалиевди коюшуптур.

Масалиев менен мамилеси жакшы болбогону тууралуу айтылгандарга кошулбайм. Масалиевди Масалиев кылган Турдакун Усубалиевич болду. Таза иштеген, жакшы киши экен деп, көз кырын салып жүрүп, өзү өстүрдү. Масалиевди Усубалиевдин кадры деп эле айтат элем. Масалиев да Усубалиев жөнүндө жакшы ойлорду айтканын өз кулагым менен угуп калдым.

– Москванын чечими менен Турдакун Усубалиевичти 66 жашында кызматтан алып, ал гана турсун ага бир катар күнөөлөр коюлуптур. Эмне үчүн күнөөлөштү?

– 1985-жыл эле. Горбачев бийликте. Башка республикалардын жетекчилери алмашып жатты. Аңгыча, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин уюштуруу пленуму болуп, ага Москвадан КПСС БКнын катчысы Разумовский келип катышты. Дароо эле расмий сөз сүйлөп, Усубалиевдин ордуна Масалиевдин келээрин айтты. Ошондон кийин эле Москвадан КПССтин Борбордук Комитетинин бөлүм башчысынын орун басары келип, Усубалиевдин ишин текшерип жатып калышты. Бул киши 25 жыл ордунан козголбой иштеди. Бул абдан көп убакыт. Мындай узак убакытта иштеби, үй-бүлөдөбү, көп өзгөрүүлөр болот. Иш болгон жерде кемчиликтер кетпей койбойт. Бирөөгө жакшы көрүнсө, дагы бирөөгө жаман көрүнүп калат. Анда-мында кетип калган кемчиликтер жамандоо катары жетип тургандыр. Кыскасы, аны мамлекеттин каражатын максатсыз пайдаланды деген саясий айыптар коюлуп, кызматтан алышты, партиядан да чыгарышты. Менин оюмча, Усубалев көрө албастардын курмандыгы болду. Бирок, бул киши абдан кайраттуу, сабырдуу киши экен. Кийинки ишин Ленин атындагы Улуттук китепканадан улантып, жазып жүрүп, өзүнө коюлган күнөөлөрдүн баарын факты түрүндө келтирип, акыры өзүн-өзү актап чыкты. Күнөөсү жоктугун Москвага далилдеди. Анан эле партияга кайрадан кабыл алынды. Ошондо 70ке чукулдап калган эле. Көп узабай, ардактуу эс алууга чыгып кетти.

– А Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын албай калганына себеп бар беле?

– Чынында, Турдакун Усубалиевич Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыктуу инсан эле. Наамды алаарында шек жок эле. Бирок, эмнегедир аны беришкен жок. Себеби да түшүнүксүз калды. Бир топ эле катчылар бул наамды алышты. Казакстандыкы эки ирет алды, Өзбекстандыкы, Тажикстандыкы да алды. Ленин орденинен тартып, башка бардык сыйлыктарды алды. Бир гана жогорку даражалуу наамды албай калды. Бирок, Турдакун Усубалиевич Кыргыз Эл Баатыры, баарынан да ага өз элинин аны сыйлап, урматтаганынан өткөн наам болбосо керек. Азыркыга дейре ал кишинин кадыр-баркы эл арасында зор.

– Азыр дагы жолугуп, сүйлөшүп турасыздарбы?

– 2009-жылы 90 жылдыгы опера-балет театрында мамлекеттик деңгээлде белгиленди. Ошондо чогуу жүрдүк, өткөн-кеткенди сүйлөшүп калууга да жетиштик. Андан бери деле эл катары катышып, учурашып, ал-акыбал сурашып келебиз.

– Үй-бүлөлүк катышыңыздар барбы?

– Кезинде жакшы катышчу элек. Эми азыр баарыбыз эле карылыкка моюн сунуп, кез-кезде сурашкандан башка аргабыз жок. Атасын көрүп калдым. Раматылык Усубалы атага барып учурашып кетип турдум. Ал да өтө жөнөкөй киши эле. Уулум БКнын биринчи катчысы деп манчыркаганын көргөн жокмун. 103 жашка чыгып кайтыш болду. Жеңебиз Гүлжаке Ниязалиевнаны да жакшы билчүмүн. Абдан кичи пейил, жайдары, адамгерчиликтүү, ажарлуу, анан да Усубалиевдей улуу кишиге татыктуу аял болгон. Көп жылдар Мамлекеттик Тарых музейин башкарып турду.

– Балдары кандай чоңоюшту?

– Сыргак жана Эсенгул деген балдарын билчүмүн. Сыргак Турдакунович өз кесиби менен профсоюзда иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыгып, кийин кайтыш болду. Көтөрсө, ушул баласын кызматтарга көтөрмөк. Андай кылган жок. Ал эми Эсенгул уулу окуу жайлардын биринде сабак берип жүрчү. Мунусу илимдин артынан сая түшкөн жигит. Бермет деген кызы да бар. Ал деле өз кесиби менен иштеп жүрөт. Кыскасы, аял, бала-бакырасын кызматка аралаштырган жок.

 Динар Турдугулова