кумторКыргызстан тоо-кендерине бай өлкө. Бирок, ушул мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдалана албай келебиз. Өлкөбүз эгемендикти алгандан бери алтын өндүрүшүнөн башка тармактар дээрлик жанданбады. Азыркы учурда ишенгенибиз “Кумтөр” болсо, анын тегерегинде дагы чырлар көбөйдү. Эске сала кетсек, 2014-жылдын 10-октябрында Канаданын Онтарио штатынын Жогорку соту “StansEnergyCorp.” компаниясынын Москва Арбитраждык сотунун 2014-жылдын 30-июнундагы 118 млн. долларды Кыргыз Өкмөтү төлөп берүүсү тууралуу чечиминин негизиндеги доо-арызын карап, компаниянын пайдасына чечим чыгарды. Ал боюнча “Кыргызалтын” ишканасынын “Центерра Голд Инк” компаниясындагы 47 миллион акциясын камакка алды. Белгилүү болгондой, “Центерра Голд Инк” компаниясында “Кыргызалтын” ишканасынын 77 млн. 400 миң акциясы бар. Жогорудагы 47 млн. акция ушул сумманын 60 пайызын түзөт. Канадалык соттун чечимине ылайык, “Кыргызалтын” ишканасы камакка алынган акцияларды сатууга, күрөөгө коюуга укугу болбойт. Ошондой эле канадалык сот “Центерра” компаниясын “Кыргызалтынга” төлөнүүчү бардык суммаларды эсепте сактап турууга милдеттендирген.

Ушул жылдын 5-сентябрында Соода өнөр жай палатасынын алдындагы Москва Арбитраждык сотунун 2014-жылдын 30-июнундагы чечимин жокко чыгарууну суранган “Кыргызалтындын” доо-арызы боюнча соттук отурумду 15-октябрга белгилеген эле. Кийинки соттук отурум 2014-жылдын 17-декабрына белгиленди. Айта кетсек, ушул жылдын 23-сентябрында КМШнын Экономикалык соту Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 28-мартындагы инвестордун укугун коргоо боюнча конвенциянын 11-беренесин чечмелөөдө Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарган.

Эмне үчүн канадалык сот кароодо?..

Албетте, “Кыргызалтын” акционердик коому жеке формадагы мекеме болгон менен ага тиешелүү акциялар Кыргызстандын үлүшү болуп (33%) саналат. Андыктан, мындай соттук чечимдер өлкөбүздүн экономикасына олуттуу зыян келтирээри бышык. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев да өз пикирин билдирди. “Кумтөр” долбоорунда мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүп, Кыргызстандын дүйнөдөгү эң ири алтын кенинен түрлүү ыкмалар менен пайданын көп бөлүгүн алып чыгып кеткен компанияга Канаданын сотторунда биздин улуттук байлыгыбыздын тагдырын чечүүгө жол бербешибиз керек”,-деп айтты өлкө башчысы.

Кыргызстандын бийлигинин 90-жылдардагы кылмыштуу шалаакылыгынан же үстүрт мамилесинен улам, андан соң 2003-жылдагы улуттук кызыкчылыктарга жасалган түздөн-түз чыккынчылыгынын айынан дүйнөдөгү эң ири алтын кени болгон “Кумтөрдөн” өлкөбүз көп жылдар бою жадагалса кирешенин салыштырмалуу адилеттүү бөлүгүн алып келбегени баса белгиленип айтылды. Албетте, мындай кырдаалдарга ошол кездеги кыргыз бийлиги күнөөлүү, бирок мурдагы бийликтердин терс иштерин Канаданын инвесторлору пайдаланып жатканы өкүнүчтүү.

Акыркы жылдары Канаданын сотторунда “Кыргызалтын” ААКга таандык акцияларды камакка алуу тууралуу Кыргызстанды кысмактаган чечимдерди кабылдоого прецендент түзүлдү. Маселен, 2012-жылдын 17-августунда Канаданын Онтарио штатынын сотунда “Ак кеме” мейманканасынын тегерегиндеги мүлк талаш боюнча “SistemMuhendislikInsaatSanayiveTicaretA.S.” түрк компаниясынын доо-арызын канааттандыруу боюнча чечим кабыл алынган. Эми болсо, 2014-жылдын 14-сентябрында “Куттуу-Сай II” сейрек кездешчү металл кенинин тегерегинде чарбалык талашта канадалык “StansEnergyCorp.” компаниясынын талабы боюнча чечим кабыл алынып жатат. Кыскасы, өлкө башчыбыз Канаданын сотторуна “Кумтөрдүн” тагдырын чечүүгө жол бербешибиз керек деди.

Өткөн тарыхка кайрылсак

Кыргызстан эгемен өлкө болгон учурдан баштап тоо-кен тармагы боюнча системалуу саясат жүргүзүлгөн жок. Тактап айтканда, башаламандык орун алды. Акаевдин убагында бул тармакты Борис Бирштейн деген чет элдик аферист каалагандай калчады. Анын кеңеши менен “Кумтөр” боюнча кыргыз элинин кызыкчылыгы эске алынбаган келишимге кол коюлган. Бирок, ошол келишим боюнча 1997-жылы иштей баштаган “Кумтөр” алтын кени 2007-жылы (10 жылдан кийин) Кыргызстандын карамагына толугу менен өтмөк. Анткен менен 2003-жылдын 30-декабрында ошол кездеги өкмөт башчы Н.Танаев бурмаланган келишимге кол коюп жиберип, аталган кендин Кыргызстанга өтүүсү андан аркы мөөнөттөргө жылган. Муну Бакиевдер кийин 2042-жылга чейин узартышты. Ошентип “Кумтөр” чыр-чатактын үстүндө эле келе жатат. Азыркы Жогорку Кеңеш 50/50 пайыз Меморандумду колдоп бергенден кийин деле сүйлөшүүлөр жай жүрүүдө.

Пикирлер кандай болууда?

Жогоруда айтылган сот маселеси боюнча “Кыргызалтын” ААКсынын директорунун орун басары Кылычбек Шакиров мындай дейт: “Доо-арызды кайра артка алышпаса, биз сотто өз укугубузду коргоп, келтирген чыгашаларды төлөп берүүнү талап кылабыз. Доо-арызы кайтарып алынса, маселени тынчтык жол менен бүтүрүп бири-бирибизге эч кандай дооматтарыбыз болбойт”. Ал эми акциялардын камакка алынышы мыйзамсыз экенин айтып: “Эмне үчүн “StansEnergy” компаниясына тиешеси жок “Кыргызалтындын” акциялары камакка алынды? Кыргызстандын “Стэнс Энержи” менен эч кандай иштиктүү да, өнөктөштүк дагы кызматташтыгы болгон эмес”,-дейт “Кыргызалтын” ААКсынын директору Токон Мамытов.

Ал эми КРнын тоо-кенчилери жана геологдору ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев буларга токтолду: “Негизи, “Куттуу-Сай” деген кенди иштетүүгө аракет кылган компаниядан кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктары үчүн лицензияны зордуктап алып коюшту. Алар эл аралык сотко берип, утуп алышты. Уткандан кийин: “Биз соттун чечимин кайтарып алалы, лицензияны кайра бергиле” деп өкмөткө кайрылышкан. Өкмөт тарабынан аракет болбогондон кийин канадалык сотко беришкен. Албетте, канадалык соттун чечими логикалык жактан туура эмес. Анткени, “Кумтөрдүн” Кыргызстанга тиешелүү акциясы “Кыргызалтындын” колунда. “Кыргызалтын” акционердик коому жеке менчик мекеме болуп саналат. “Кыргызалтын” мамлекеттин мүлктөрүнө жооп бербейт, ал эми “Кыргызалтындын” иштеген иштерине мамлекет жооп бербейт” деп Уставда жазылган. Ошого байланыштуу Канада сотунун чыгарган чечими туура эмес. Маселени тезирээк компромисстик жол менен чечиш керек”.

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз оюн төмөнкүдөй билдирген: “Убагында “Кумтөр” текейден арзан бааланып, келишими бизге каршы, кандай кылсаң да утула тургандай болуп түзүлгөн. Ошону чыккынчы чиновниктерибиз дайым колдоп келген. “Куттуу-Сай” кенинде стратегиялык сейрек кездешчү металлдар катылып жатат. Ошол кенди 2009-жылы, Бакиевдин убагында канадалык компанияга бекер карматышкан. Келишимде “кокус кендин айланасында жаңжал чыкса, ал Лондон, Москва же башка жакта каралат” деп жазылган. Мыйзамдарды катаалдаштырып, Кыргызстандын табигый кен байлыгын инвесторго берип жатканда, келишимге “Лондондо же дагы бир аралда соттошобуз” дегендей нормаларды таптакыр киргизбеш керек. Менин оюмча, биз “Кумтөр” заводун, “Кумтөр” кенин улутташтырып мамлекетке алышыбыз абзел. Ал азыр Канаданын фирмасы болуп, Канадада турат. Ошол жакта биздин акцияларыбыз камакка алынууда. “Кумтөрдүн” 100 пайыз акциясын Кыргызстанга алып келип, өз пайдабызга иштетүү керек. Болбосо, Кыргызстандын алтыны өзүбүзгө буюрбайт”.

Ушул эле мезгилде канадалык “StansEnergyCorp.” компаниясы да өз оюнан кайтпасын билдирди.

Чечкиндүү кадамдар зарыл

Кантсе дагы азыр Кыргыз Өкмөтү чечкиндүү кадамдарга барбаса болбой турганы көрүнүп эле турат. Албетте, “Кумтөр” менен иштешкен негизги ишкана “Кыргызалтын” болгондуктан, бул тараптан аракеттер жүрүп жатат. Аталган ишкананын жетекчиси Токон Мамытовдун билдиргенине таянсак, төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда. Азыр камакка алынган акцияларды бошотуу боюнча документтер жөнөтүлүп жатат. Мында канадалык соттор эске албаган жагдайлар бар. Ошонун баары тизмектелип, укуктук жактан калпыстыктарга жол берилгени баса белгиленген. Маселен, КРнын Геология агенттиги алардын лицензиясын жөн эле алып койбогону жазылып, мыйзамдар бузулуп, нормалар так сакталбагандыгы үчүн сотко бергенге аргасыз болгонуна токтолгон доо-арыз жөнөтүлдү. Ошондой эле бул документте мыйзамга туура келбесе да, “StansEnergy” Москванын соода палатасындагы арбитраждык сотуна “кыргыз тарап күнөөлүү” деген чечим чыгартып алганы дагы туура эмес экендиги белгиленген. Бул багытта “Кыргызалтын” Минскидеги КМШнын экономикалык сотуна кайрылып, Москванын Соода өнөр жай палатасындагы арбитраждык сот алардын арызын карап, чечим чыгарганга укугу жок деген чечим чыгартууга жетишти. Токон Мамытов “Кыргызалтындын” жетекчиси катары “Куттуу Сайды” мурда иштеткен канадалык “Стэнс Энержи Корп.” компаниясына “канадалык соттон арызыңарды чакыртып албасаңар эл аралык сотко беребиз” деген кайрылуу жасаган.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Айданбек Акмат уулунун маалыматына караганда, казакстандык “Визор” компаниясы да соттошууга камданууда. Алар “Жер-Үйгө” карата Кыргыз Өкмөтүн инвестициялык талаштар боюнча эл аралык арбитражга кайрылуу берген. Койгон доосунун өлчөмү 400 миллион доллар. Бул соттук териштирүүлөр боюнча АКШ, Франция жана Бельгиянын судьяларынан турган коллегия түзүлүп, алар ишти кароого даярдык көрүп жатышканы маалым. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун маалыматы боюнча, Кыргыз Өкмөтүн сотко берген компаниялардын саны онго чукул болууда. Алардын койгон доосунун жалпы суммасы 1 млрд. доллардын тегерегинде. Ушул жерден чет өлкөлүк фирма, компаниялар эмне үчүн жапатырмак бир мезгилде эл аралык сотторго доо арыз берип жатышат?-деген суроо туулат. Мында эксперттер эки багытта болжол жасашууда. Биринчиси – “Кумтөрдү” иштетип жаткан “Центерра Голд Инктин” канадалык бир ууч жетекчилигинин жасап жаткан тымызын иштери, экинчиси – Кыргызстандын Бажы союзуна кирип баратканына карата Батыштын “чабуул жасай” башташы экенин божомолдошууда. Кантсе да Кыргызстан демократиялык жолду тутунуп бараткан, парламенттик өлкө. Эгемен мамлекет катары өз кызыкчылыгын жана укугун коргоп каларына үмүт бар.

Азизбек Чамашев