защита детей

Эртең, 10-февралда Нарын облусунун Кочкор районунда бачабаздарга каршы тынчтык митинги өтөт. Жергиликтүү калктын мындай митингди уюштуруусуна соңку учурдагы үрөй учурган окуялардын – жаш балдардын күч колдонуу жолу менен зөөкүрлөрдүн колунан жабыр тартып, психикалык оор абалга туш болуп жатышы, мындай акмакчылыкты кылып жаткан бачабаздардын көбөйүп жатышы себеп болууда. Алар бул митинг аркылуу бачабаздарга карата мамлекет тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүсүн талап кылышмакчы.

Динар Турдугулова