Калктын саламаттыгындагы темирдин жетишсиздигин жоюу максатында “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр киргизилүүдө
“Нан унун байытуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында 2-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңешинин депутаттары Дамира Ниязалиева, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Кожобек Рыспаев, Мирлан Бакиров, Талантбек Узакбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Карамат Орозова, Сайдулла Нышанов. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75% дандан алынат. Ал эми данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементердин 80% улпакка чыгып кетет. Нан унун байытуу менен негизинен эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлат. Ошентип, мыйзам долбоору жарандардын саламаттыгына кам көрүүгө багытталган.
Талкууда депутат Майрамгүл Тиленчиева ундун байытылып же байытылбагандыгын аныктоочу лабораторияларды, техникалык регламентти тактады. Ошону менен катар чет өлкөлөрдөн келип жаткан ундардын кабында ундун байытылганы жөнүндө тастыктама болоору белгилүү болду. Мындан сырткары, жогорку жана 1-сорттогу ундар сөзсүз түрдө премикс каражаты менен байытылышы милдеттендирилип жатканы, бул чоң-чоң ун комбинаттарына тиешелүү экени айтылды. Калктын саламаттыгына кам көрүгө багытталган мыйзам долбоорун депутат Курмантай Абдиев колдоого алды.
Аталган маселеге байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорунда унду байытуунун эрежелерин бузгандарды, байытылбаган унду социалдык мекемелерге берүү, сатып өткөрүүгө жол бергендерди администрациялык жоопкерчиликке тартуу жагы каралган. Депутаттар тиешелүү эреже бузууларга кимдер тарабынан айыппулдар салынаарын так көрсөтүүнү сунуштады.
Мыйзам долбоорлору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.


Комментарий кошуу