рыспаев1

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарга) 3-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев.

Талкууда чет жерге иштөөгө чыгып кетип, ал жердин жарандыгын алган жарандардын (мурдагы жарандар катары сыпаттоо менен) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарына иштөөсүнө тыюу салуу ченемине Дастан Бекешев, Наталья Никитенко баштаган айрым депутаттар каршы пикирлерин билдиришти. Демилгечи К.Рыспаев андай жарандарыбыз Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарга иштегени келсе, башка өлкөнүн жарандыгынан чыгып, биздин жарандыкты алып иштей берсе болоорун жооптоду. Депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорун колдоого алып, чет элдик жарандыгы барларды мамкызматтарга иштөөсүндө сыр болгон маалыматтар колдоруна тийип калышы мүмкүндүгүн эскертти. Депутат Курманбек Осмонов дагы юридикалык тилде “мурдагы жаран” түшүнүгү жоктугун чечмелеп берди

Ошону менен бирге, мыйзам долбоорунда жер участокторун убактылуу пайдалануунун жаңы мөөнөттөрүн белгилөө каралган. Талкуунун жүрүшүндө кайракы жерлер 20 жылга чейин ижарага берүү калтырылаары такталды. Ал эми айыл чарба багытындагы жерлер Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунан 5 жылга ижарага берилери, бул мөөнөттөр бүткөндөн кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөтү узартылышы мүмкүндүгү белгиленген.

Соңунда мыйзам долбоорун 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Буга байланыштуу“КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдарга)дагы 3-окууга жиберилди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.