“Көз микрохирургия” госпиталы көк мейкинде
Алмазбек Исманкулов – Кыргызстандагы медицинанын визиттик карточкасы.
Бишкек шаарындагы “Көз микрохирургия” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловдун иш күнү эртең мененки саат 6дан башталат.
Күнүгө эрте туруп, Эркиндик сейил багын аралап, эки километрдей жүгүрөт. Ал окуган №6 мектеп, П.Ф.Шубин атындагы музыкалык мектеп дагы ушул сүйкүмдүү балалыгы өткөн Дзержинский бульварында жайгашкан.
П.Ф.Шубин атындагы мектепте ал классикалык гитара классында окуган. Бирок, гитарасы хобби боюнча калып, ал эми медицина анын тагдырына айланды.
Алмазбек Исманкулов Кыргыз мамлекеттик медициналык академияны кызыл диплом менен бүтүрүп, андан соң Москвага барып, белгилүү офтальмолог академик Святослав Федоровдун окуучусу болуп калат. Бирок, ал кайсыл бир күнү Кыргызстанга келип, өз мекенинде заманбап көз клиникасын түзөөрүн оюнан чыгарбаган. “Көз микрохирургия” госпиталында иш пациенттерди кароодон башталат. Андан кийин профессор кечке чейин операция бөлүмүндө болот. Көз ооруларынан жабыркагандар көп болгондуктан, ал 28 жылдан бери жекшембиден башка күндөрү такай операция жасайт.
Исманкулов жана анын коллегалары офтальмологдордун Европалык жана америкалык илимий конференцияларынын активдүү катышуучулары. Бул жерде заманбап илимий, техникалык маалыматтарды алмашуулар болот. Жакынкы эле айлардын арасында А.Исманкулов Лондон, Мюнхен, Москва жана Эдинбург шаарларында өткөн илимий конференцияларга катышып келди. Австриянын саламаттыкты сактоо министрлигинин келишиминин негизинде офтальмологдордун Европалык конгрессинин мамлекеттер аралык кызматташуу иш-чаралары боюнча Лондондо өткөн жыйынга “Көз микрохирургия” госпиталынын 4 кызматкери катышып келди. 2013-жылы Амстердамда өткөн европалык конгресске да төртөө катышкан.
Бардык операция өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Мен бир жолу төрт айлык баланын операция столунда жатканына күбө болдум. Тубаса катаракта экен. Ал эми Казакстандан келген пациент 102 жашка чыгыптыр. Кээде ушинтип кулагы укпаган, көзү көрбөгөн пациенттин жалгыз көзүнө операция жасоого туура келет. “Мындай адамдардын көз көрүүсүн жоготушу бул аалам менен болгон байланыштын биротоло үзүлгөнүнө барабар”, – дейт профессор.
Алмазбек Исманкуловдун Москва, Лондондо иштеп, Бишкекке келип көз микрохирургиясы госпиталын түзгөнүнө быйыл 20 жыл болот.
1994-жылы Бишкек шаардык мэриясынын өтүнүчү менен профессор Исманкулов абалы начар авариялык жагдайдагы медициналык имаратты арендага алган. Андагы мэр эң башкысы имараттын чалдыбары чыгып, такыр жараксыз болуп кала элегинде оңдоп-түзөп, иштеп тур деп өтүнгөн.
Госпиталдын тарыхы Кыргызстандын тарыхындагы мамлекет менен кызматташуу жана жеке бизнестин эң ийгиликтүү модели болгондугун баса белгилеп кеткибиз келет. Госпиталдын өсүп өнүгүүсү чиновниктер кайра-кайра айтып жүргөн натыйжалуу мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн жаркыраган мисалы десек болот.
СССР кулагандан кийин байкасак, Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу врачтар бизде өтө көп экен. Ошондуктан, Кыргызстандын эгемендүү жылдарынын башталышында медицинада иш орундарын массалык кыскартуу башталган. Он миңдеген медицина кызматкерлери кесиптерин таштап, башка ишмердүүлүк менен алектенүүгө мажбур болушту. Он миңден ашыгы кара жанын, үй-бүлөсүн багыш үчүн өлкөдөн чыгып кетишти. Ошентип, чоң сандагы эң мыкты делген адистерибизден кол жуудук. Ал эми тажрыйбалуу адисти даярдоо үчүн жок эле дегенде 20 жыл талап кылынат.
Алмазбек Исманкулов офтальмологдор үчүн 50 иш орунду түзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул жамаат 20 жылдын ичинде 150 000 пациентти дарылады. Инвестициянын негизинде Швейцария, АКШ, Япония, Улуу Британия жана Германиядан – Кыргызстанга эң мыкты делген заманбап медициналык жабдууларды алып келди.
Бүгүнкү күндө авариялык имаратта түтүк, терезе, каалга, шифер бүт алмаштырылып, капиталдык ремонттон өткөн. Азыркы тапта 3-кабаттагы операция блогун ремонттоо аяктоодо. Бул – Австрия Республикасы менен Кыргызстандын биргелешкен долбоору. Эки жыл мурда кызматташуу меморандумуна Австрия Президенти жана КР Премьер-министри кол коюшкан. Ушул биргелешкен мамлекеттер аралык кызматташуунун негизинде эң кымбат операция жабдыктары, медициналык аппараттар, имаратка атайын электрдик жана желдетүүчү жабдуулар сатылып алынган. Бул миңдеген азиз адамдарга көрүү бактысын тартуулайт.
Имаратты арендалоо боюнча долбоорду Бишкек шаарынын мэри колдогон жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан бекитилген. Аренданын шарты жана баасы мамлекет тарабынан белгиленет. Так айтканда, “Көз микрохирургия” госпиталы 20 жылдын ичинде 1 миллиондон ашык АКШ долларын төлөгөн.
Профессор Исманкуловдун госпиталы ФОМС менен кызматташып келаткан жападан жалгыз, жеке медициналык мекеме.
Госпиталь жаш офтальмологдорду даярдоо үчүн өздүк педагогикалык база түзгөн. Москвадагы “Федоров Клиникасынан” кандидаттыгын жактаган 6 медицина илимдеринин кандидаты сабак өтөт. Алардын баары Исманкуловдун окуучулары. Баса, Алмазбек да кандидат жана докторлугун ошол клиникадан жактаган. Кафедрада жаш адистер ар жылы 2 айлык даярдыктан өтүшөт. Өткөн 20 жылдын ичинде эле кыргыз медицинасы үчүн 156 квалификациялуу офтальмологдор даярдалган.
Госпиталда ар жума сайын Бишкек шаарынын поликлиникаларынын жана стационарларынын офтальмологдору илимий конференцияга чогулушат.
Бул клиниканын коридорунан ветерандарды, депутаттарды, жазуучуларды, артисттерди ж.б. баарын жолуктурууга болот. Баары тең токтоолук менен кезек күтүп отурушат. Баары тең таңгалаарлыктай тартипке салынган.
Медицинада адистерди даярдап, аларды жакшы айлык менен камсыздоо өтө оор. Ошондуктан кийинки кездери адистер медицинадан массалык түрдө кетип жатышат. Ушундай боло берсе, келечекте биздин балдарды, небере, чөбөрөлөрдү ким дарылайт деген суроо туулат. Ошондуктан, биз жогоруда айтып кеткендей, А.О.Исманкуловдун госпиталында көз оорулары боюнча мыкты адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулат. Ал эми тажрыйбалуу медицина кызматкерин даярдоо үчүн бери жагы 20 жыл талап кылынат.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн “Российская газета” расмий гезити профессор А.Исманкуловду Кыргызстан медицинасындагы №1 бренд деп атаган.
Россия Федерациясынын ЖОЖдорунда С.Н.Федоровдун, Н.С.Ярцевойдун жана А.О.Исманкуловдун “Көз оорулары” окуу китеби окутулат. КР Президентинин мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын алдындагы “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редакциясы 2014-жылы жогоруда аталган авторлордун “Көз оорулары” китебин кыргыз тилинде басып чыгарган. Бул КР тарыхында офтальмология боюнча кыргыз тилинде жарык көргөн биринчи китеп. Андан сырткары “Көз микрохирургия” госпиталы №6 Бишкек шаардык ооруканасына 20 жылдан бери тынымсыз материалдык жардам көрсөтүп келет.
Карбалас БАКИРОВ


Комментарий кошуу