Азиз

“Ийгиликке жетүү үчүн сөзсүз түрдө бирөөнүн башынан аттоо керек эмес. Ийгиликтин артында жаман сөз айтылбагандай, жакшы ирмемдер менен эстегидей элес калтырса, адам үчүн бул абдан жакшы нерсе. Биздин жумушубуз – адамдардын жан дүйнө абалы. Чыгармачыл адамдар бала кыял келишет. Бала кыял дегеним ал адамдардын жүрөгүндө тез таарынуу, жаралануу деген сезимдер орун алган. Ошондой эле абдан кыялкеч болушат, бул абдан жакшы сапат. Чыгармачыл адамда мындай жан дүйнө болбосо, түбөлүктүү шедеврлер жаралмак эмес. Биздин жумуш –аткаруу жана жаратуу. Чыгармачылык – бул өзү жакшылык, бейпилдик, акылмандык, маданияттуулукту колдогон, талап кылган тармак,”- деп кеп учугун баштоо менен бирге “Курманжан датка” тасмасында Алымбек датканын  образын жараткан актер, өнөр дүйнөсүнүн өкүлү, Азиз МУРАДИЛАЕВ “Эркин Тоого” маек курду.

– Азыркы учурда жаш режиссер Арсен Туратбековдун кыска метраждуу фильмине тартылып жатам. Өткөн 2014-жыл мен үчүн ийгиликтүү, өзгөчө бейпил жыл болду. Кудайга шүгүр, мындан ары да  алдыга койгон изги-тилектерибиз – кыргыз маданиятына аз да болсо салымыбызды кошуу, өз жарандык милдетибизди аткаруу.

– Качандыр Алымбек датканын ролун аткарам деп ойлодуңуз беле?

– Кокон хандыгы тушунда кыргыздардан чыккан таасирдүү саясий ишмердин, күчтүү аскер башчылардын бири Алымбек атабыздын образын жаратууда мага артылган жоопкерчиликти башкы орунга койдум. Тарыхый  тасманын, болгондо да башкы каарманды аткаруу оюма келген эмес. Өзүм көксөп, тандап алган кесибим, театр, кино тармагында аз да болсо эмгек кылган жолумда Алымбек датканын ролун жаратуу мага буйруган экен. Режиссердун айтканын аткардым, кесиптеш, досторумдун чакыруусу менен “Айтышфильмге” барып калып, тасманын жаратуучуларынын көзүнө урундум. Кастингге катыштым, тандалганымды укканда аябай толкундандым. Образды жаратуу үчүн эки ай сакалымды өстүрдүм.

– Ролуңузду кандай аткардым деп ойлойсуз?

– Тасма көңүлүмө толду. Мен эле эмес бүтүндөй чыгармачыл топ эки жыл эмгек сарптады. Ал эми мен мындай улуу инсандын образын кандай ачып бердим, ал эл сынында болсун.

– Тасмадабы же театрдабы башкы ролдосуз, кесиптештериңиз атаандашпайбы?

– Аны деле сезбейм. Бирок атаандаштык бардык учурда болуп келген нерсе да…

– “Дем” театрынын катарынан чыктыңызбы?

– “Дем” театрын бир курактагы, бир муундагы 10 жигит түзүп чыкканбыз. Биз азыр  ал топтун “аксакалдары” болуп калдык. Катарыбызды жаштар толуктады.

– Чакан мамлекетиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

– Атам көзү өтүп кеткенче өмүрүн театрга арнады. Апам Анара Сыдыгалиева КР Эмгек сиңирген артисти, 40 жылдан бери Кырдрамда иштеп келет. Жашоомдо бир өкүнүчүм – бул турмуштан атам эрте өтүп кеткени, ал эми  кубанганым эрте үйлөнүп, эрте балалуу болгондугум. Тун уулум 17ге чыкты, кенжеси 7 жашта.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА