каптагаев

 Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Күрмөнтү цемент» заводу толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл обусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Каптагаев облустук телевидениядан түз эфирде жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Э.Каптагаевдин айтымында, “Күрмөнтү цемент” заводу ар кандай жетекчилердин колунан өтүп, сатылып да кеткен.

«Завод боюнча кылмыш иштери жүргөн. Ишкана өткөн жылы иштеди. Ал суткасына 60 тонна акиташ берет. “Күрмөнтү цемент” заводунун аймагындагы таш алуучу карьер өздөрүнө бекитилип берилсе ал толук кандуу иштей баштайт», -дейт Э. Каптагаев.

Булак: Турмуш