Султан11
Султан Жумагулов Коомдук телерадиокорпарациясынын башкы директору кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин кезексиз отурумунда анын төрагасы Илим Карыпбеков билдирди.

Анын айтымында, С.Жумагулов өзүнүн чечими тууралуу бүгүн, эртең менен телефон аркылуу билдирип, өз колу менен жазган арызын жиберди.

Учурда Байкоочу кеңеш С.Жумагуловдун Монголиядагы иш аракеттеринин этикалык тарабын жабык эшик артында кароодо.

Отурум башталардын алдында Байкоочу кеңеш 5-6-февралда кыргыз тилдүү басылмаларда жарыяланган макалаларды өз ара талкуулашты. Анда КТРКнын башкы директору Монголияга болгон иш сапары учурунда чуу жараткан. Макалалар басылып чыгарылып, секретариаттарга таратылып берилген.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү макалаларга комментарий берип жатып, андагы маалыматты «өтө жагымсыз учур» деп аташты.