Өкүл Жумагүл Эгембердиева Кара-Көл шаарында балдар бакчасын ачып, ишке берилген жана курулуп жаткан турак-жайлар менен таанышты (фотобаян)
Кечээ, 27-январда Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева расмий иш сапары менен Кара-Көл шаарында болду,-деп билдирет өкүлдүн басма сөз катчысы. Алгач өкүл Кара-Көл шаарында жаңыдан ишке берилип жаткан «Баластан» балдар бакчасынын ачылуу аземине катышты. Бул балдар бакчасынын курулушу 1980-жылы башталып, 1983-жылы 360 орунга эсептелген «Алёнушка» балдар бакчасы катары ишке киргизилген. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин бул балдар бакчасынын имаратын талап-тоноодон сактап калуу максатында убактылуу пайдаланып туруу үчүн Токтогул ГЭС каскадына берилген. Ал эми өткөн жылы балдар бакчасын кайрадан толук капиталдык ремонттоодон өткөрүү үчүн республикалык түрткү каражатынын эсебинен 3 млн. сом жана шаардык кеңештин сессиясынын чечими менен шаардык бюджеттен 1 млн. сом каражат сарпталып, «Баластан» балдар бакчасы кайрадан толук капиталдык ремонттон чыгарылды.
360 орунга эсептелген «Баластан» балдар бакчасынын ачылыш аземине арналган жыйында шаардыктар менен коомчулуктун өкүлдөрүн жана ата-энелердин өкүл Ж. Эгембердиева, Кара-Көл шаарынын мэри Манбет Койчиев жана Кара-Көл шаардык Кеңешинин төрагасы Мирланбек Жээнбеков куттукташты. Келген коноктор балдар бакчасынын кызыл тасмасын кесишкен соң, бакчанын шарттары жана ички жасалгалары менен бир сыйра таанышып чыгышты. Жаңы ачылган балдар бакчасынын башчысы Роза Койчугараеванын айтымында, азыр 10 тарбиячы, 5 тарбиячылардын жардамчылары жана ашпозчулар менен техникалык кызматкерлер наристелерди татыктуу тарбиялоо боюнча иш алып барышууда. Ушул тапта Кара-Көл шаарында 3 мамлекеттик, 1 менчик жана 1 Токтогул ГЭС каскаддарынын балдар бакчалары иштеп жатат.
Андан соң өкүл Кара-Көл шаарындагы М. Сабиров көчөсүндө курулуп жаткан 32 батирлүү турак-жайдын абалы менен таанышты. Кара-Көл шаарынын мэри М. Койчиевдин айтымында, бул турак жай 3 кабаты көп жыл илгери курулуп, 23 жыл жаан-чачын менен карда калган. Натыйжада былтыркы жылы эки кабаты толугу менен демонтаждалып, кайрадан жаңы кыштар менен курулуп чыгылган. Аны кайрадан тургузууга жергиликтүү шаардык бюджеттен 22 млн. сом акча каражаты каралды. Быйылкы жылы 32 батирлүү турак жай толугу менен бүткөрүлүп, биринчи кезекте социалдык колдоого муктаж болушкан үй-бүлөлөргө берилет. Турак жайдын курулуш иштерин Ноокен районунда жайгашкан «Өнүгүү үчүн» курулуш ишканасынын куруучулары жүргүзүп жатышат.
Өкүл Ж. Эгембердиева Б.Рысбеков атындагы шаардык оорукананын аймагында курулуп жаткан 8 батирлүү бир кабаттуу турак-жайдын абалын дагы бир сыйра көздөн кечирди. Турак жайдын курулушуна буга чейин 6,5 млн. сом каражат сарпталып, дагы кошумча чатырын жаап, эшик-терезелерин коюуга жана шыбап, сырдоо иштерине 3 млн. сомдун тегерегинде каражат талап кылынып жаткандыгы айтылды. Бул маселе боюнча каражаттан көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен КРнын саламатыкты сактоо министрлигине шаардык мэрия атайын кат менен кайрылган. Турак жай бүтүп калса 8 батир толугу менен дарыгерлерге берилет.
Өткөн жылы пайдаланууга берилген шаардагы Заводская-4 көчөсүндөгү 24 батирлүү турак жай ипотека ыкмасы менен 3 бөлмөлүү батирлер шаардыктарга 500 миң сомдон бөлүнүп берилген. Өкүл №17 квартиранын жашоочусу, шаардагы жол-курулуш ишканасынын кызматкери Арслан Шакирбаев менен келинчеги Назиранын үйүнө баш багышып, алардын жашоо шарттары менен таанышты. Үй ээлеринин айтымында батирде бардык ыңгайлуулуктар жаратылган, ысык суу чыгат. Жаш жубайлар азыр 3 баланы тарбиялап жатышат жана жакында төртүнчү наристелүү болушат.
Кара-Көл шаарынын мэри Манбет Койчиев өкүлгө шаардагы Д. Шопоков атындагы №4 орто мектебинин чатыры жабылбай турган 2 корпусу менен спорт залынын абалы менен дагы тааныштырды. Учурда бул мектептин 2-чи корпусун жана спорт залын бүткөрүүгө 50 млн. сом каражат талап кылынат. Бул маселени чечүүгө КРнын билим жана илим министрлигине кайрылуу болгондугун, мектепти толук бүткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен дагы колдоо боло тургандыгын айткан шаардын мэрии М.Койчиев ушул маселени оң жагына чечүүгө өкүл Ж. Эгембердиевадан колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди. Азыркы мезгилде Кара-Көл шаарында 24 миңден ашуун калк жашайт.
Жолдошбай ОСМОНОВ








Комментарий кошуу