КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Гүлнара Жамгырчиева ант берди
Жогорку Кеӊештин бүгүн, 28-январда өтүп жаткан жыйынында жакында КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызматына шайланган Жамгырчиева Гүлнара Оморовна ант берип, чоӊ ишеним көрсөткөн өзүнүн мурдагы кесиптештерине ыраазычылык билдирди.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков ант берүү менен өз ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришкен Гүлнара Жамгырчиеваны жалпы депутаттардын атынан куттуктап, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.
Ал эми Жогорку Кеӊештин чечими менен Боромбаева Токтокан Жолуевна 5 жылдык кызмат мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарлыгынан бошотулду.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply