Инвестиция – экономиканы өнүктүрчү өбөлгө
Республиканын экономикасына чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири. Негизинен өлкөбүздө эң либералдуу салык режими түзүлгөн. Өлкөбүздөгү пайда, киреше салыгынын жана КНС чендери Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай өлкөлөрүнө караганда бир топ айырмаланат. Кыргызстанда мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ал социалдык мааниси бар ири долбоорлорго жеке инвестицияларды тартууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмдери ири долбоорлорду каржылоодо мамлекет менен ишкерлердин натыйжалуу кызматташтыгы үчүн ыңгайлуу чечим катары өзүн көрсөтө алды.
Атайын агенттик түзүлдү
Кыргыз Республикасынын “Инвестиция жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Анын максаты ар кандай тобокелдиктерден инвесторлорду коргоо болуп саналат. Лицензиялоого жаңы ыкмаларды киргизүү менен бул боюнча иштердин түрлөрү 236дан 101ге чейин кыскарды.
КР Экономика министрлигинин алдында инвестицияларды тартуу жана чет элдик инвестициялардын келишин активдештирүү боюнча даректүү иштер үчүн атайын агенттик түзүлүп, директорлугуна Алмаз Сазбаков дайындалган. Мындай агенттик өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгында бар. Мисалы, Малайзияда Инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Малайзия башкармалыгы иштейт. Ал инвесторлорду маалымат менен камсыздайт. Ошондой эле Малайзияга инвестиция салууга кызыктыруудан баштап, инвестицияларды илгерилетүү менен алектенет. Агенттик потенциалдуу инвестор менен кат алышуу жүргүзөт. Өлкөгө келгенде тосуп алып, инвестордун иши башталгандан кийин дагы анын ишмердүүлүгүнө көз салуусун улантат. “Биз дагы ушундай иштерди жасоого кириштик. Жыйырмадай долбоорго инвесторлорду тартуу үстүндө иштеп жатабыз”,- дейт А.Сазбаков.
Өсүү бар
Инвестициялардын тартылышы боюнча маалыматтарга карасак, Кыргызстандын аймактарында бирдей эмес экенин көрүүгө болот. Маселен, 2007-жылдан 2013-жылга чейин Бишкекке келген инвестициялардын көлөмү орточо 45,6 пайызды түзсө, бул көрсөткүч Ысык-Көл облусунда 21,2%, Чүйдө 14,1 пайызды берген. Эң аз көлөмдө инвестициялардын келиши Баткен, Нарын жана Ош шаарында байкалган. 2013-жылга чейин КМШ жана чет өлкөлөрдөн келген инвестициялардын көлөмү өскөн.
Эгерде 2007-жылдан 2009-жылга чейин келген инвестициялар орто эсеп менен 56,2 пайызды түзсө, 2011-жылы 94,92 пайызга жетип, 2010-жылдан 2013-жылга чейин бул көрсөткүч 87,8 пайызга чейин жеткен. Өзгөчө Кытай Эл Республикасынан келген инвестиция көбөйгөн. Мисалы, “Талды-Булак сол жээк” алтын кени ишке кирүүнүн алдында турат. “Кемин” подстанциясы ишке берилди. Токмокто мунай иштете турган дагы бир чакан комбинат курула баштады. 2014-жылы чет өлкөлөрдөн келген инвестициялардын көлөмү 1 млрд. доллардан ашты. 2013-жылы бул көрсөткүч 993,2 млн. долларга жеткен.
Азизбек ЧАМАШЕВ


Комментарий кошуу