мелистур1

Ички иштер министри Мелис Турганбаев 2 жашар баланын денесине оор жаракаттарды келтирип сабоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин иликтенишин жеке көзөмөлүнө алды.  Эскерте кетсек 2 жаштагы баланы катуу сабагандыкка шектелип 1968-жылы туулган тууганы кармалган. Бала оор абалда ооруканага жаткырылган. ИИМден белгилешкендей иш министрликтин жетекчилигинин өзгөчө көңүл буруусунда турат. Министр Мелис Турганбаев бул ишти биринчи күнү эле жеке көзөмөлүнө алган. Министрдин тапшырмасы менен аталган кылмышты иликтөө үчүн ыкчам-иликтөө тобу түзүлдү.

 Депутат Асия Сасыкбаева: «Акыркы болуп жаткан окуялар балдарга карата камкордук чараларын күчөтүү зарылдыгына дагы бир жолу ынандырды»

Акыркыболупжатканокуяларбалдаргакаратакамкордукчараларынкүчөтүүзарылдыгынадагыбиржолуынандырды. Биз балдарга билим эле эле эмес, татыктуу таалим-тарбыя да беришибиз керек. Өкмөт бул багытта тезинен атайын программа иштеп чыгып, ырааттуу ишке ашыра баштоого тийиш. Бул тууралуу депутат Асия Сасыкбаева Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА