Алымбеков Замир Маданбекович

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын депутаты Замирбек Алымбеков  кечээ, 14-январда Түштүк Кореянын Ичхон шаарынын алдыңкы медициналык клиникалардын бири HANDS клиникасынын башкы дарыгери Жун-сиг Ким мырза баштаган инвесторлор тобун кабыл алды. Жолугушуу учурунда тараптар Бишкекте заманбап үлгүдөгү медициналык клиника куруу жаатында пикир алышты. «Учурда Азия мамлекеттери медициналык тармакта алдыга озуп барат. Кызматташтык мамилелер бекемделип жаткандыктан, кореялык инвесторлор эки жыл ичинде заманбап клиника салып беребиз деп жатышат. Алар социалдык тармакты жетектеген вице-премьер-министр жана саламаттыкты сактоо министри менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт», – дейт З. Алымбеков.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА