Темирдин жетишсиздигин жоюу максатындагы “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр 3-окууда каралды
“Нан унун байытуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 19-январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында 3-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңешинин депутаттары Дамира Ниязалиева, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Кожобек Рыспаев, Мирлан Бакиров, Талантбек Узакбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Карамат Орозова, Сайдулла Нышанов. Маалыматка ылайык, адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75% дандан алынат. Ал эми данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементердин 80% лпакка чыгып кетет. Нан унун байытуу менен негизинен эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлат. Ошентип, мыйзам долбоору жарандардын саламаттыгына кам көрүүгө багытталган. Мыйзам долбоору 3-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды. Аталган маселеге байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору дагы 3-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды. Бул мыйзам долбоору унду байытуунун эрежелерин бузгандарды, байытылбаган унду социалдык мекемелерге берүү, сатып өткөрүүгө жол бергендерди администрациялык жоопкерчиликке тартуу жагы каралган.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply