Жол кайгуул кызматынын басма сөз өкүлүнүн маалыматына караганда, 18-январда, кечки тогуздар чамасында Каракол – Бишкек жолунда бараткан  “Фольсваген-Пассат” машинеси жол четиндеги темир-бетон тосмону сүзүп алган. Натыйжада жаракат алган унаанын айдоочусу төрт жүргүнчүсү менен кошо Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Тилекке каршы, жүргүнчүлөрдүн экөө каза болуп калды.

Ушул эле күнү кечки жетилер чамасында Бишкек – Ош жолунун 464-чакырымында (Жалал-Абад облусу) “Лексус-GX” үлгүсүндөгү машине көчөдө бараткан кишини коюп кеткен. Машине сүзүп кеткен ал жаран да (болжол менен 30-35 жашта) алган жаракатынан өзүнө келе албай каза болуп калды. Бул кырсык боюнча бардык материалдар жергиликтүү тергөө бөлүмүнө жиберилди.

Кыргызстанда соңку жылдары адам өмүрүн алган мындай жол кырсыктары байма-бай катталууда. Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун изилдөөсүнө таянсак, соңку он жыл ичинде 45 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 10167 киши каза таап, 61580 адам жаракат алган. Ошондой эле акыркы бир жылдагы жол кырсыгы эле 12 млрд. сом чыгымга алып келген. Бул ички дүң өнүмдүн 3 пайызын түзөт.

Булак: Азаттык