И.Раззаков атындагы КТУдагы өрттүн кесепетинен окуу жайдын музейи жана окуу бөлмөсү жараксыз абалга келди
Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде болгон өрттүн кесепетинен окуу жайдын музейи жана окуу бөлмөлөрү жараксыз абалга келди.
Бүгүн, 23-октябрда саат 04:10дөр чамасында өрт өчүрүү кызматына ЖОЖдун имараты күйүп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Өрт чыккан жерге атайын техника менен чогуу 9 унаа жөнөтүлгөн. Өрт өчүрүүчүлөр саат 06:00дө өрттү толугу менен өчүрүүгө үлгүрүштү.
АКИpress агенттигине билдиришкендей, кечээ, 22-октябрда окуу жайдын имаратынын сол канатында музей кабинетин демонтаждоо жумуштары жүргүзүлгөн.
ӨКМдин маалымдашынча, өрттүн чыгуу себеби учурда такталууда.
Булак: Баракелде
Комментарий кошуу